Жусуп Мамайдын урпагы менен маек: Атанын жолун жолдоо – милдет

Ала Тоолук кыргыз элине көчмөн кыргыз бийи аркылуу таанылган бий өнөрүнүн даасыккан адиси, манасчы, «чоң теринин бучкагы», айтылуу алп манасчы Жүсүп Мамайдын чөбөрөсү Турганаалы Турсунаалы Жүсүп Мамай тегин менен болгон маек.

— Айтсаңыз «Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат» дегендей улуу адамдын урпагы болуш кандай? Оор болсо керек…

— Биринчиден, ушундай маекке чакырганыңызга сизге жана Ачык Сөз» газетасынын башкы редактору Жора Сулаймановго ыраазычылык билдирип кетсем. Ал эми сурооңуз боюнча, атанын уулу болуш оңой экен, бирок элдин уулу болуу оңой эмес экенин барган сайын түшүнүп жатам. Албетте, атамдын эмгегин сиздер баалап, эл барктап жатат. Буга биз урпактары ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мен үчүн атам мээримдүү, күйүмдүү ата. Атам манасчы эмес, дүйнөгө даңкы кеткен залкар инсан болбогондо да мен атамдын атын сыймыктануу менен айтып, даңазалап жүрөөр элем. Анткени атам, баба катары акыл-кеңеш кебин айтып, ак батасын берип, кыргыз элинин нукура салттуулугун кармап, жөнөкөй жашап, элинин төрүндө бир өмүр, бактылуу өмүр сүрдү. Ушундай улуу инсандын урпагы болуп, жанында жашап, уюткулуу сөздөрүн угуп калганым мен үчүн абдан чоң сыймык. Ошого ар бир кадамымды атамдын жолу менен алып жүргөнгө аракет кылып жүрөм. Албетте, мен да баламын, бала катары ойноп-күлүп, көчөдө өйдө-төмөн басып, эркин сүйлөп жүргүм келип кетет, бирок мен ошондой учурда атамдын атына сөз келбесин деп, өзүмдү кармап, жүргөнгө аракет кылып келем.

— Ырахмат. Биз сиздин кыргыз баалуулуктарын аздектеп, кээде аларды тизмектеп жүргөнүңүздү дагы билебиз. Мындай табигый суроо туулуп турат да. Манасчы болуп туруп, эмне үчүн манасчылык өнөр аркылуу эмес, бий өнөр адамы катары таанылып калдыңыз? Буга эмне себеп же түрткү болду?

— Мен үчүн кыргыз элимдин баалуулуктары абдан бийик орунда турат. Мен аны сөз менен айтып бере албайм. Ал эми бул суроо мага абдан жакты. Анткени көп кишилер мени «манасчынын небереси туруп Манас айтбай, тартактап, учуп кетчүдөй болуп бийлеп жүрөт» деген сөздөрүн угуп калам. Эми элиме да ыракмат, менин бийлегениме болсо да көңүл бөлүп, мен жөнүндө сөз айтканы мени кубандырат. Мен кат тааныгандан мурун апам мага «Манас» эпосунан айтып, китептен окуп берип жаттаткан эле, мен ошол кезден баштап «Манас» айтып келем, бир жолу атам Жүсүп Мамай экөөбүз үйдө жалгыз калдык, кеч бешим эле, атам экөөбүз сыртка чыгып салкындап келгенден кийин мени «Манас айтчы уулум, угайын», — деп калды. Мен сөз башынан баштап «Манас» эпосунан жарым сааттан ашыра айттым. Анан атам колуман кармап «Уулум, жашың кырктан ашкандан кийин айтсаң жакшы болот», — деп маңдайыман жумшак чоң колдору менен сылап койду. Мен кийин көп жерлерде «Манас» айтуума туура келип, үзүндүлөрдү айтып келем, кээде атамдын сөзүн эстеп аянып, арбагы улуу, Айкөл Манас атама жалбарып калам. Ошондон болсо керек. Туура мени эки мамлекетте жашаган бир эл бийчи катары көп тааныйт. Анткендиги мен кытай мамлекетинде төрт жыл атайын дүйнөлүк бийлер боюнча билим алгамын, ошол билимдин негизинде бийчи катары таанылдым болсо керек.

— Ооба, улуулардын айткандарын эскере жүрүү керек. Анткени алар дагы жөн жерден эле эскерте беришпейт эмеспи. Эми ой бөлүшсөңүз, дегеле айтып коюунун, сүйлөп коюунун жоопкерчили азыраак болот да. Ал эми жазуунун, жаратуунун түмөн түйшүктөн дагы анын жоопкерчилиги чоң. Сиздин китеп жазып калууңузга кимдер же эмнелер шыкак болду? Калем кармап, чыгарма жаратуу дагы өзүнөн өзү эле келип калбаса керек?

— Туура айттыңыз агай, сүйлөнгөн сөзгө ээ болуунун өзү деле чоң баатырлык деп билем, ооздон чыгат, ал сөз эмес, ошол айтылган сөз аткарылса, анан сөз болот деп түшүнөм. Менин жазмага же атынан айланайын, адабият дүйнөсүнө кирүүмө да улуу элибиздин салт-санаасы себеп болду. Кыргыз элибиздин ар бир сөзү, ар бир кыймылын чечмелей билгенибизде, анда биз, кыяматка чейин дүйнөнүн тамыры болмокпуз. Ошого мен кээ бир гана салттарды, улуулуктарды атам Жүсүп Мамайдан угуп, ошондон улам, билип жашап калбаганымда адабият дүйнөсүнө качан кирмекмин билбейм. Менин азыр жазгандарым өзүм көргөн, уккан, жасаганым гана, мен аны ошол бойдон мени менен жашы бирдей досторума сунуштадым. Эстесем мектепте окуп жүргөндө эле, тил адабият сабагынан баары беш болчу экен. Ал эми «Бабамдан баян» китебимдин жазылышына биздин Кыргыз улуттук университетибиздин гезит бөлүмүндөгү редактор Бакыт Мырзатаева эже жол салып берди. Ал мени биринчи көрүп сүйлөшүп калганда мен атам Жүсүп Мамай жана кыргыз элибиздин каада-салты жөнүндө билгендеримди айтып берсем абдан жактырып, аны кагаз бетине түшүрүүмдү айтып, улам билгендеримди жазып барганда кубануу менен кабыл алып, шык, дем берип олтуруп, он бештен ашык эскерүү макалам сандан санга чыкты. Китеп мына ошентип жүрүп топтолуп, анан кийин аны көркөмдөп атамдын 100 жылдыгынын урматына карата Ыйман фонду каржылап жарыкка чыгарып берди.

— Албетте, мындай чыгарманын жаралышын коомчулук дагы жакшы кабыл алышты деп ойлойм. Себеби сиздин жазгандарыңыз накта чындыктын негизинде жазылды да. Ал эми Жүсүп Мамай тууралуу кийинки жазыла турган чыгармаларда уламыштык, жомоктук окуялар көп болуп кетиши дагы мүмкүн. Эми чыгармачылыкта ийгилик жаратуу өтө эле кыйын. Анын «күңгөй-тескейи, ак-карасы» болот дегендей кандай тосколдуктарга туш болдуңуз, жолуктурдуңуз?

— Сурооңузга ракмат агай! Менин чыгармачылыгым жети жашыман Манас айтуу менен башталган, ошондон тарта көркөм өнөрдүн үстүндө жүрөм, бул мага Кудайдын берген белеги деп билем. Мен чоң ийгилик жараткан жокмун, бирок күндө ийгилик жаратууга аракет кылам. Буга чейин менин чыгармачылык жолумду тоскон турмуштун кара бөлүгү болгон жок, ата-энем, эли журтум колдоп келди. Өзгөчө менин элге таанылышыма көчмөн кыргыз бий өнөрү болду. Мындан кийин да элим колдоп турса көптөгөн ийгиликтерге күбөө кылганга аракет кылам.

— Ушундан улам эле жакында «Көчмөн кыргыз бий өнөрү» аттуу китебиңиз жарыкка чыгып, китептин бет ачаары дагы болуп өттү. Бул китеп кандайча жазылып калды?

— Мен Кытайда атайын бийдин окуусун окугандыгыма байланыштуу бий өнөрүн, анын ичинен элдик бийлерди жакшы билем. Анткени биз окуп жүргөндө бийдин кыймыл-аракетин, анан тарыхын үйрөтүүчү. Бирок ал бийлердин ичинде кыргыз бийи жок эле, мен ошондо абдан ардангамын, биз эл турсак, кантип бизде бий болбосун деп. Ошондон улам дем алыш мезгилинде бийлеп жүргөн аксакалдардын, чоң энелердин жанына барып, алардын кыймыл-аракеттерин көрүп, үйрөнүп алдым. Кийин мен Кыргызстанга адабиятка (филология) окуу үчүн келип, тандоом боюнча аталган кесипти аркалап келем. Эстесем 2014-жылы кыргыз бийи боюнча биринчи жолу сынак өттү, ошондо катышып белгилүү орунга ээ болдум да, анан мурунку үйрөнгөндөрүмдү иш жүзүндө колдоно баштадым. Мына ошентип быйыл эки мамлекетте жашаган бир элдин ортосундагы бий өнөрүнүн сакталышы, өнүгүшү, бийдин методикасы тууралуу билгендеримди кагаз бетине түшүрдүм. Мунун кандай болоор деп турганымда сиздер, тактап айтканда Кыргыз мамлекеттик Ишенаалы Арабаев универстети колдоого алып, ректор Төлөбек агай өзүнүн фондунан каражат бөлүп, сиз илимий баалуулугун ашырып, жаркыраган китеп болуп чыкты, бул китеп үчүн сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем!

— Ырахмат, мындай жакшы саамалыктарды колдоого алышыбыз керек. «Манас» эпосу, көчмөн бий өнөрү азыркы мезгилде эки өлкөдө бөлүнүп жашаган кыргыз элине бирдей эле таандык, ошентсе дагы эки өлкөнүн достугуна, мамилесине бул өңдүү чыгармалардын жаралышы эң жакшы жемиштерди берсе керек?

— Эки өлкөдө жашаган бир элдин тарыхы, маданияты, каада-салты, тили бирдей, болгону менен биз Кытайда, сиздер Кыргызстанда жашап калгансыздар, ортодо тоонун бөлүп турганы эле болбосо баары окшош. Албетте, чөйрө деген бар, сиздер орус эли менен жашап, көп сөздөр, кээ бир салттар бизден өзгөчөлөнүп калган. Ал эми бизде жок нерсе сиздерде сакталгандыгын байкайбыз, мисалы бизде бир той (үйлөнүү той) алсак өтө чоң айырма чыгат. Биз кытай мамлекетинин чет жагында жашап, маданиятыбызга башка улуттардын таасири көп тийген эмес, ошого биз мурун кыргыз эли кандай болсо ошондой бойдон сакталып калганбыз. Ошого той да өзгөчө болот. Мисалы, күйөө баланы күйөө кошчулар коштоп келишет. Той эки жолу болот, бири кичик той, арадан алты ай өткөндөн кийин чоң той дегендей. Эки тойдо тең күйөө бала менен күйөө кошчунун жоопкерчилиги чоң. Тойдо күйөө баланын кулагын чоймой, жар көрүшүү бийин бийлетмей, кой соймой дегендей айтор, көп, ошондой эле күйөө кошчунун милдети да оор. Мына ушундай айырмачылыктар бар.

— Туура, айырмачылыктар болушу керек. Бул салттар биз деле колдонулуп келет. Бирок бий бийлетмей, ыр ырдатмай, тамактарын түгөтүп ичип коюуга окшогон салттар бизде чынында эле унутта калып калган. Суроону башка өңүткө бурсам, жакын арада эле «Мекендештер форуму» өтүп ага ардактуу катышуучу болуп келдиңиз. Бул форум сизге кандай таасир калтырды? Мындай иш чара эмнеси менен өзгөчөлөндү деп ойлойсуз?

— Ушул айдын 7–8–9-августунда өткөн «4-Мекендештер» форуму президенттин катышуусунда Ысык-Көлдө «Рух ордодо» болуп өттү. Аталган форумга эки жүздөн ашык мекендештер дүйнөнүн ар тарабынан келип катышты. Алардын ичинде биздин министрлер да болду. Жалпы 28 өлкөдө жашап, өз күнүн өздөрү көрүп, кайра мекени Кыргызстанга «салым кошсок» деген улутмандар катышты. Форумдун максаты чет өлкөдө жашап жаткан мекендештерибиздин тагдыры, келечеги жана алардын урпактарынын кийинки жашоосу жөнүндө болду. Бул долбоорду көтөрүп чыгып, төрт жылдан бери демилгелеп келген Кыргыз Респубуликасынын экс-президенти Роза Отунбаева эже. Мына ушул маселелерге токтолуп, четте иштеп экономика жагынан күчтүү болуп, ошол туруп жаткан мамлекетине кошуп жаткан салымдарын мекени ата журту Кыргызстанга кошуусун талап кылып «биргеликте Кыргызстанды көтөрөлү» деген максатын билдирди. Мекендештерибиз да өздөрүнүн инвестордук мүмкүнчүлүктөрүн «шарт болсо Кыргызстанга алып келүү максаттары бар экенин» айтып, урпактары үчүн эски ата журту эмес, мекени болуп калса экен деген ойлорун жашырышкан жок. Ал тургай Өкмөт мүмкүнчүлүк берсе, бийликке да барып, Кыргызстан үчүн иштешээрин кошумчалашты. Туура, булар мекендин кадырын жакшы билет, чет жерде сандалып, саргарып, жетимсиреп жүрүп өз киндигин өздөрү кескенди үйрөнүштү. Мамлекеттин кадырын, баркын менимче бизден жакшы билсе керек деп ойлойм. Айтылган ойлор толук аткарылбаса да 28 мамлекеттен келип, мекени, ата мекени Кыргызстан экенин унутпаганы биз үчүн чоң бакыт жана сыймык.

Маектешкен Октябрь Капалбаев

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу