Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектеги Биринчи май райондук соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Ал эми пара алууга ортомчулук кылган деп айыпталып жаткан  Болот Токтобаев алты жылга эркинен ажыратылса, Бехруз Гулрузовго 2 миллион сом айып салынып сот залынан бошотулду. Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 120 миң доллар алган деп айыпталууда. Ал былтыр декабрда 50 миң доллар пара алды деп кармалган. Чет  элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу