Журналист Турсунбек Бейшенбеков Сооронбай Шариповичге КАЙРЫЛУУ жасады.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

— Бүгүнкү Коопсуздук кеңешинде абдан орчундуу маселелерге токтолуп, бир топ мамлекеттик органдардагы алешемдиктерди жана коррупцияны баса белгилеп айттыңыз. Айрыкча ИИМ, ГКНБ, Ген прокуратура, Бажы кызматы жана Соттор коррупцияга белчесинен батканы жалпы элге маалым. Сиз президент катары, элдин таянычы катары бул тармактарды жөнгө салып, ал жактагы коррупционерлерди кызматтан алып, жөн гана кызматтан албастан кылмыш жообуна тартууңузду өтүнөм.

Өзгөчө бул тармактардын башчылары жана орун басарлары коррупцияга белчесинен батканы тууралуу маалыматтар ММКларда жана коомчулукта байма-бай айтылып келет. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» — демекчи, калк айтса калп айтпайт. Өзүңүз дагы ушул тармактарды кыска убакытта реформалайм деп убада бердиңиз. Элдин сизден үмүтү чоң.

Мен ишенем бүгүнкү Коопсуздук кеңешинде айтылган сөздөр жана убадалар жөн гана куру сөз болуп калбастан иш жүзүнө ашат деп. Албетте, аны аткаруу үчүн саясий эрк жана чечкиндүү кадам керек. Бул мүнөз сизде бар, ошондуктан кыска убакыт аралыгында өлкөдө коррупция менен аесуз күрөш башталганын коомчулук туя баштайт деген ойдомун. Эл ишенимин толугу менен актап, Кыргызстанда тарыхый бурулуш жасап, өлкө тарыхында Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ деген ысымды алтын тамга менен жазып калтырып кетүүңүзгө тилектешмин. Ишиңизге ийгилик!

Урматым менен, «АДИЛЕТ» жаштар кыймылынын Төрагасы Турсунбек Бейшенбеков.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу