Журналист, Нургазы Мусаев: 1-Майда бир эле кишини куттуктайм.

1-Майда бир эле кишини куттуктайм.
Кыргызстанда саясатчылардан бир эле социалист калды. Башкалары булгаары тончон жаңы манаптарга айланды. Ал социалист — Текебаев Өмүке.
Өмүке — өзүнчө бир доор. Жөнөкөй мугалимдиктен Жогорку Кеңешке депутаттыкка секирик жасаган саясатчылардын акыркысы.
Эми саясатта кедей-кембагалдарга орун жок.
Бирок социалисттик идеялар акыр Кыяматка чейин жашай берет. Өмүкенин идеялаштары бардык доорлордо туула берет.
Өмүке, тарыхтагы бардык чоң саясатчылар сыяктуу эле Сиз да түрмөдө отурасыз.
Өзүңүз айткандай, кол чабуулар менен түрмөдөн чыкчу күн келет.
Аман болуңуз.
СНБнын сыз камерасында суугуңуз ашып кетээр. Буйруса, береги сүрөттөгүдөй болуп жаш сорпо иччү күнгө жетээрбиз.
Ошондо оппонентиңиз Омурбек Абдрахмановдун багынан алма алдырып жеп жакшы майрам кылабыз.
Майрамыңыз менен!!!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу