Журналист кызды 10 балага салып берип зордуктатам деп коркуткан КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова экени маалымдалды

 

Журналист Упөл Анаркулованы Жогорку Кеңештин депутаты телефон аркылуу коркутуп, эрежесиз урушка түшүп жүргөн балдар ага караштуу экенин айтып, он балага салып берип, акырында  журналисти керек болсо оозуңан зордуктатам деп коркуткан. 

Кайсы депутат экенинен маалымат жок болгондуктан, интернет колдонуучулар Жогорку Кеңештеги спортко жакын депутаттардын бири, Камчыбек Жолдошбаевден шектенип жатышкан. Себеби  ага кыз зордуктоо боюнча мурун кылмыш иши козголгондугу тууралуу журналистер жазып, коомчулук Жолдошбаевди зөөкүр катары билишкен.  Бирок, Үпөл Анаркулованы  коркутуп чалган депутат Жылдыз Мусабекова экенин маалымдалды. Депутат Жылдыз Мусабекова  өзү аял, эне болуп туруп, ушундай оозго алгыс сөздөр менен жаш кызды коркутканы уят эле..    

Депутат айым өзү журналист, КСДПК партиясынын тизмеси менен 6-чакырылышта мандат алган, эске сала кетсек Нарын облусуна барып, эл менен жолугушууда мугалимдерди саанчы катындарга теңеп коомчулуктун эсинде калган.  

 

 

Булак : argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу