Журналист Бейшенбек Бекешовдун Алмаз Атамбаевге Кайрылуусу: Өлкөбүздө кырдаал өтө коркунучтуу абалга келип жетти

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Өлкөбүздө коомдук кырдаал өтө коркунучтуу абалга келип жетти. Бийлик менен жарандардын тирешүүсү дагы бир балээге алып келээри айдан ачык болуп калды. Мунун жоопкерчилиги мамлекет башчы катары Сизге эле эмес, акыл-эси, уяты жана ар-намысы бар ар бир атуулга да жүктөлгөн деп эсептеп, ушул кайрылууну жазууга аргасыз болуп олтурам.

Кыргыз деген эл эмне деген эл экенин, кулк-мүнөзү менен эс тутуму, чыдамы менен сабыры, кекчилдиги менен кечиримдүүлүгү, энөөлүгү менен эрдиги кандай журт экенин качып кеткен эки президент тең билген эмес. Сиз да билбейт экенсиз. Бул балким орусча ойлонгон адамдардын оорусудур. Кандайча ойлонсо да элге зыяны болбосо кеп жок эле го. Кептин баары мурдагы эки башчы баскан кетмендин башын Сиздин да басып алганыңызда болуп жатат.

Кыргыз алдап, калп айтып башкарууга чыдаса чыдайт. Бирок эч нерсе түшүнбөгөн келесоо катары кемсинтип башкарууга чыдабайт. Башкасын айтпайлы, жалгыз Текебаевдин сизге койгон толгон айыптары туура эмес деп кимди ишендире алдыңыз? Тетирисинче, аны бир жан ишенбеген жалган жалаа менен камап тындыңыз. Кыргыз тамагын, мал-мүлкүн тартып алып башкарууга чыдаса чыдайт. Бирок коркутуп башкарууга чыдабайт. Канча кишини камадыңыз, дагы канчасын камап жатасыз? Бирөө- жарым коркуп калдыбы? Коркмок турсун, кайра күчөп, азынап баратат. Камакта жаткан ар бир кыргыздын артында канча киши бар экенин билесизби? Кыргыз кандай учурда биригээрин билесизби? Мисалы, Садыр Жапаровду камадыңыз. Ал менин тууганым. Аны менен бир маселеден улам бет карашпай калганбыз. Бирок жаманчылык башка келгенде кыргыз деген табышат. Табышмак турсун баштагыдан да ынак болот. Уруучулук сезимден капкачан ажыраган мен үчүн бүгүнкү күндө жалгыз Жапаров эле эмес, ак  жеринен күйүп жаткан ар бир кыргыз бир тууган. Мендейлер болсо четтен чыгат. Буга ишене албай жатсаңыз дагы ишенесиз, көкөйүңүздөн кеткис болуп көрөсүз. 2010-жылы 6-апрелде Таласта таң аткыча тынбай мылтык атышып, бирок эмне үчүн бир да киши өлбөгөнүн билесизби? Себеби ал жерде жалаң кыргыздар болгон. Кыргыз баласы эч качан бири бирин өлтүрбөйт. Өлтүрсө жети тукумун кууган өч алуу башталаарын билет. Кутулбас куяга, басылбас балээге калаарын билет. Ошондуктан кандан, бектен кайра тартпас Таластыктардын эрдиги асманга ок атуу менен гана чектелген. Ал эми Бишкектеги 7-апрелдеги маселе башка. Ал кыргыз эместер же кыргызчылыгын жоготкондор аралашкан иш болгон. Анын ак-карасын ачыктап чыгуу али алдыда.

Сизге таңдан кечке бийликти бир беткей мактаган мамлекеттик ММКлар аз болуп, элге эптеп-септеп үнүн жеткирип жаткан эркин ММКларды муунтуп кирдиңиз. Баш кесмек бар, тил кесмек жок кыргыздын менталитетинде. Эсил кайран СССР заманында да “Азаттык” радиосун укканбыз. Кышылдаган приемниктерин кулакка кадап алып укканбыз. Эми ошону интернет заманында сиз тыйып коём деп ойлойсузбу? Кыргыз башка үчүн болбосо да сөз үчүн, айрыкча акыйкат сөз үчүн өлүп берээрин билбейсизби? Же эркин ММКларды ушакчы деп жарыялап койсоңуз эле иш бүттү дейсизби? Элдин баары ишенип калды дейсизби? Сизге болгон ишенич Конституцияны өзгөртөм деп ниетиңиз бузулганда эле кеткен. Ошондон бери Кудай бир да ишиңизди, бир да сөзүңүздү оңдой элек. Азыр Батукаевди кайра алып келип камасаңыз да бирөө-жарымды ишендире аларыңыздан күмөнүм бар.

Сырткы күчтөргө ишенбеңиз. Алар биз эмес, өз айласын таппай турат. Аларда да мультмиллиардер болуу боюнча адистер көп экен. Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт болуп, эл безерлер башка өлкө башчыларынан баш калка издээрин түшүнөбүз. Бирок туулган жери, эли-журту көзүнөн учуп, суук тумшук болуп өмүр кечирип жаткандарды да көрүп жатабыз. Дегеле чет элдиктер аркылуу элдин маселесин чечкен башчы оңгон эмес. Колунан иш келген элдин жармы тентип жүрөт. Кыргызды кыйсыпыр кылбаңыз. Күргүштөтүп каматып, күчкө салып сабатып кирдиңиз. Кыргыз этинин ооруганын да унутпайт. Абактан айыккыс илдет жугузган адам комикадзе болоорун билбейсизби? Дагы бир чатак болсо элдин бели сынат. Мамлекетибизден кол жуушубуз мүмкүн. Ошого себепкер болуп, бир атадан тараган эл бири бирине сөөк өчтү душман болуп, кыркылышып кетпейли. Өзүңүз да Пайгамбар жашына келдиңиз, артыбызда каргыш эмес, алкыш калсын.

Сизден кийин жакшы эл башы келип, өлкөбүз гүлдөп өсүп кетсе, анын аты деле сизге калат, бурулуш доор, адилет доор Атамбаевден башталды эле деп. Ошондо УКМКнын ордуна Израилдин жашыруун полициясы сыяктуу кызмат түзүлүп, кыргыз мамлекетинин душмандарын дүйнөнүн кайсы тешигине кирип кетсе да издеп таап, көзүн тазалап турган, атка минердин баары сыдыргыга салгандай түптүз иштеген, кой үстүнө торгой жумуртукалаган заман келээр.

Ооба, кыргыздын майда, чоң уруулары бири бири менен чатакташкан, чабышкан учурлар көп эле болгон тарыхта. Бири бирин сулата, торойто чабышкан, майып-мунжу да кылышкан. Майып-мунжунун да, кокустан киши өлтүрүп алуунун да элдин жон терисинен кайыш тилген куну болгон. Бирок атайылап, карөзгөйлүк менен киши өлтүрүү айтылуу бугу-сарбагыш чабышындай алааматка, кызыл кыргынга алып келээри урпактарга санжыргаланып калган. Бугу-сарбагыштын барынан жогу деп, ошого жеткиче өлүп эле калгыла деген накыл кеп калган урпакка. Муну жети атаңызды тарыхчыларга таптырып жүргөн сиз билбей калышыңыз мүмкүн, бирок ар бир кыргыз билет.

Бул сөзгө терикпеңиз. Тууган ачуу айтат, душман таттуу айтат. Сизди кыргыздын ким экенин биле албай кеткен тиги эки качкындын кейпин кийбесин деген ак тилек менен айтып жатам. Али кеч эмес. Эсиңиз барда этегиңизди жаап, саясий каамалгандардын баарын бошотуңуз. Анан эң адилет шайлоо жарыялап, ошонун кепилдигин уюштуруп бериңиз. Ошондо элдин баары, президенттикке талапкердин баары шайлоо менен, бири бири менен алек болуп, сиз тууралуу унутуп калат. Жаңы президент шайлангыча тыптынч олтурасыз.

Шайлоо адилеттигинин башкы шарты катары мураскер тууралуу унутуңуз. Мураскер мындай турсун, КСДПны колдоо тууралуу да унутуңуз. Ошондо КСДП бул шайлоодо бир да пайыз добуш албайт. Анткени буга сиз өзүңүз жеткирдиңиз. Бул ачуу чындыкты моюнга алыңыз. Антпесеңиз элге күлкү, эсепсиз топтогон душмандарыңызга таба гана болосуз. Ошондо гана сиздин алтын башыңыз аман калышы мүмкүн. Кең пейил кыргыз айкөлдүк кылып, салып алган ак сарайыңыз үстүңүздө, бала-бакыраңыз жаныңызда калышы мүмкүн. Ал турсун ак көңүл, алабарман башчыбыз эле деп анча-мынча суук көздөн, уу тилден коргоп алчулар да чыгаары ажеп эмес. Шайтандын азгырыгы менен жуулуп калган жакшы иштериңиз эскерилип, чеп-коргонуңузга айланышы мүмкүн.

Мен жок болсом эл куурап калбайбы деген баңги ойдон арылыңыз. Миң жылдарды карыткан эл сизге чейин да болгон, сизден кийин да кала берет. Болгону эл башына каран күн салаар бир балээге себепкер болбоңуз. Балээнин баары ниеттер бузулган жерде болот. Кыргыз жакшы, ынтымактуу болуп кетсин деген эч бир чет өлкө жок. Баары тең кантип мунун бир бучкагын такымыма бастырып алып, көк бөрү кылып сүйрөп жүрсөм деп күтүп турат. Болбосо Ливия менен Ирак сымал богу менен бор кайнатып, ошол жерде курал-жарагыбызды сынасак дейт. Эл башы, журт башы катары ниетиңизди түздөп, чындап тообо кылыңыз. Өзү чече албас ишти Кудайга койгон кишинин кем болгонун көрө элекмин.

Ак тилегим менен деп журналист бир тууганыңыз Бейшенбек Бекешов

Аргумент.kg
Жооп калтыруу