Түрк ишкеринен «бриллиант» шакек тагынган айым Назира Бердигуловабы?

Өх, ушул постту жазып, ызы-чуу кылбайын дедим эле. Теңелбейин дегем. Өз алдымча сүйлөшөйүн десем Назира Бердигулова «элита» болуп кетиптир. Мен жаба албасам оозуңду АЛЛАХ жабат десем Кудайдын да алы жетпес болду. Назира, артымдан сүйлөгөндү качан токтотосуң. Же мендеги фактылар уйку бербей жатабы? Бул убакытка чейин унчукпай келгем. Кыз уулуна, ата-энесине терс таасири тийбесин деп унчукпай аяп келгем. Эми мени эч ким токтото албайт. Назира, мен сен эмесмин. Кайда барсам өз акчама эс алам. Бирок, сага окшоп бир түрктүн койнуна кире калып, БРИЛЛИАНТ шакек салынбайм.. Тана албай турган фактыларды дагы алып калдым, дагы эле сени аяп атам.

Бүтүндөй кыргыз кыздарынын абийирин төгүп, түрктөр менен көңүл ачкан сенин жүзүң курусун. Көп кемсинтүүлөрүңө чыдадым, бирок айылдаштарыма чейин сүйлөгөн сөзүң айланып мага тийип атат.Торкенге чейин барып, калп сүйлөп келген экенсиң, оозум ачылды. Айылдаштардын да дос душмандары бар экенин, өзүңдүн артың таза эместигин эмне билбейсиңби? Баса, кайсы бир ырчыга күйөөгө чыгам деп Аксыдан келээриң менен азыркы депутат көңүлдөшүң билинип калып, таштап басып кеткенин элдин баары билет. Сүрөттөгү тандыр ошол ырчынын үйүнүн тандыры. Аны өзү да танбастыр. Ал ырчың жакында эки күн мурун эле эмгегин сиңирип, тигиниң болсо билдирбей, депутат болуп жүрөт.

Уял Назира. Оозуңду жап!! Жаппасаң жапчу дагы тоолтура фактыны чубап чыгам. Эмне кылсаң сенин ишиң. Мага десе күндө ар ким менен жүр. Бирок, өзүңө мени теңебе!! мен сенден 100% өйдө жанмын. Билем, сенин фейктериң көп. Бирок, мындан кийинки посттор ажалыңды эртелетип, асынып өлөсүң. Андыктан, атымды оозуңа алба. Жалгандарыңа мен тоюп бүттүм, деген пикирин журналист Баян Кулова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Экинчи тараптын пикирин угууга даярбыз.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу