Журналист АТАМБАЕВге кандай курч суроо берип жумуштан алынып калды..?

Атамбаевге кашайып журналисттин суроосу жакпай калды. «Сөздү бурмалабагылачы, жаш жигит экенсиң, уялбайсыңбы?»-деп нааразы болду.

«Супер КЖ» басылмасынын журналисти Автандил Добулбеков Атамбаевге акыркы убакта кыргыз элине нааразычылыгы күчтүү экенин айтып, «эмнеге?»- деген суроо узатты.

«2010-жылдын 7-апрелинде окуяга байланышкан мемориалды ачуу учурунда бийлик элге таянганда гана күчтүү болот дегенсиз. Бирок, акыркы убакта сиз элге көп нааразы болуп атасыз. Башка өлкөлөрдүн жетекчилерин мактайсыз»,-деди журналист.

Президент, албетте, «конкреттүү мисал» келтирүүнү өтүндү.

Буга журналист президентке Астанада «Экспо-2017» учурунда «ушунча акча коротсом, мени эл тирүүлөй өрттөп салат болчу»- деп айтканын эскертти.

«Сөзүмдү бурмалабагыла. Мага бул нерсе жакпайт. Мен эч убакта калп айтпагам дебейм, бирок, дайыма тамаша иретинде эркек бир гана аялына калп айтышы керек деп коем»,- деп башка кепке чаргытып, түз суроого түз жооп берүүдөн качып койду.

«Демек, Атамбаев өз элин жамандап, башка өлкөнүн жетекчилерин мактаптыр да э? Жапжаш жигит экенсиң, уят эмеспи»,- деп кайра журналистти беттен алды.(«МАЙДАН»)

Эске салсак кечээ күнү,  Автандил Добулбеков фейсбуктагы баракчасына  «Кечээги президенттин маалымат жыйынынан кийин белгисиз мөөнөткө “сүргүнгө” кетип жатам. Чолпон-Атадан кайтып келсем, редакция мага сюрприз даярдап коюптур. Кудай буюрган күнү жүз көрүшөбүз!» деп жазган.

Журналистти жумуштан алдырууга чейин барган болсо, демек, чындыктын ачуулугу ажобузга катуу тийип калган өңдөнөт.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу