Журналист Айгерим Мусаеванын сөөгү өлүкканадан табылды

Кечээ 20-октябрда казакстандык журналист, продюсер Айгерим Мусаеванын жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат интернетке тарап кеткен эле.

Бүгүн, 21-октябрда  журналистин жакындары анын денесин өлүкканадан тапкан. Бул тууралуу NUR.KZ. жазып чыкты.

Журналист Мусаева үйүнөн чыгып кеткенде телефондору үйүндө калган. Мусаева үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Тилекке каршы Мусаеваны издеген жакындарына жаман кабар өлүкканадан келип тушкөн. Азырынча журналисттин өлүмү сыр бойдон калууда.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын аталган басылма кабарлады.

Белгилей кетсек, Айгерим Мусаева «Hit tv» телекомпаниясында продюсер болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу