Журналисттер Кыргызстанга ГЭСтерди курчу белгисиз чех компаниясын иликтей баштады

Кыргызстанда ГЭСтерди кура турган чех компаниясын прагалык журналисттер иликтей баштады.

Чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты «Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат» деген макала жарыялады. Анда айтылгандай, Чехияда эч ким билбеген Liglass Trading CZ аттуу компанияны Кыргызстанга чех президенти Милош Земан жана анын канцелярия башчысы Вратислав Минарж сунуштаптыр. Кыргызстанда ГЭСтерди куруш үчүн ал компания миллиондогон доллар каражат табышы керек. «Документтерин карап көрсөк, Liglass Trading CZ фирмасынын соода-сатык ишмердиги 2014-жылы 345 миң чех кронуна айланып (азыркы курс менен 15 миң АКШ долларындай акча), бир миллион крондой чыгаша тартыптыр. Калган жылдардын финансылык маалыматы жарыяланбаптыр.

Кыргызстанда эң чоң жаңылыкка айланып, келишимге кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюлду. Бул компанияны чех президентинин администрациясы сунуштаганын тактадык, бирок алардан башка Liglass Trading CZ ишканасы тууралуу Чехиянын энергетика, же өнөр жай тармагынан бир да киши укпаптыр», — деп жазат Aktualne сайтынын кабарчылар тобу.

Кыргызстанда мындай ири келишимге кол коюлганын журналисттерден уккан Чехиянын өнөр жай жана соода министри Йиржи Гавличек: «Ушундай чех компаниясы бар экенин биринчи жолу угуп атам», — деп таң калганын жашырган эмес. Чехия президентинин администрация өкүлдөрү: «Бардык маалыматты кыргыз прессасынан окуп алгыла», — деген жооп кайтарган.

Liglass Trading CZ компаниясы Прагада белгилүү адвокат Драгомир Шахтанын офисинде катталган экен. Шахта өзү: «Биз аларга юридикалык кеңеш беребиз, андан башка ишибиз жок», — десе, кагаздарда компаниянын башкы директору деп жазылган Йиржи Войтеховский: «Кыргызстанда ири долбоор үстүндө иштеп атканыбыз чын, анын баары коммерциялык жашыруун сыр», — деп айтуу менен чектелген.

Чехиялык журналисттер бул маселени иликтөөнү улантаарын, Чехияда эч ким билбеген компания Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорго каражатты кайдан табаары, фирма кантип бул келишимге жетишип калганы тууралуу суроолорго жооп издешерин айтышты.

Liglass Trading CZ компаниясынын маалымат сайтын ачсак, «Азыр ондоп-түзөө иштери жүрүп жатат» деп жазылып турат.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу