ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ОБУ ЖОК АСЫЛГАН АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ӨЗҮ КАНТИП БАЙЫГАН?

Өтүп бара жаткан апта ичи мурунку министр, азыркы депутат Акылбек Жапаров журналисттердин кирешесин ачыктоону парламент жыйынында көтөрүп чыгып, социалдык баракчаларда ур-тепкиде калды.

Буга анын бир-эки мисал менен эмес, жалпы журналист журтчулугун “рэкеттер” деп атап, коомчулукка жаман көрсөтүү аракети катары жасаган мамилеси себеп болду десек болот. Ошол эле учурда өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, элдин жонконунан (бюджеттен) айлык алып келген Жапаровдун кантип жомоктогудай байыганы тууралуу маалыматтар ачыктала баштады.

Соцтармактарда активдүү олтурган интернет колдонуучулар учурда “депутат Акылбек Жапаровдун Бишкектин чок ортосунда жайгашкан көп кабаттуу “Дамаск” отелин курууга жана жана андагы жер участогун сатып алууга, Кеминдеги айланма жолунун боюнан бир нече гектарлаган алма бактуу аянтты ээлеп калууга, Канттагы МИСти аялына сатып берип, белек кылып берүүгө, ага кошумча Ысык-Ата районунун бир айыл өкмөтүнүн 50 гектардай алма багын бетон менен коруп, аны да аялына берилген белегине кошумча кылганын, өмүр бою чиновник болуп жүргөн Жапаров акчаны кайдан алган?” деген суроолорду коомчулук алдына ташташууда.

Ошол эле учурда ал байлыктарын аялына, туугандарына каттатып, өзүн бечара, журналисттерден “кордук көргөн” депутат катары көрсөтүүгө аракет жасап жатканы да айтылып калууда. Жакынкы күндөрү А.Жапаровдун кантип, кандай жолдор менен байыганы тууралуу кеңири маалымат берилет.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу