Журналисттен өндүргөн акча жетим балдарга аш болбойт

Ахматбек Келдибеков доо арыз менен сотко кайрылып, Аслан Сартбаевге штраф салдырды — 2 миллион сом. Бул доо арыздын ээсин байгеге жеткирбейт,  шайын кетирет. Гезиттин редакторун сотко берүү жакшы жорук эмес. Ахматбек “мен ага бир айттым, эки айттым, такыр түшүнбөй койду, айлам кеткенде ушинтип сазайын колуна карматтым”, —  деп сырын төктү. Эми ошол “сазай” бумеранг сыяктуу чимирилип келип, өзүнүн эле башыңа тийет. “Пиррова победа” дейт мындайды. Аслан  чорт мүнөзүнө ылайык иш кылды, бирок Келдибековдун мүлкүнө жана колуктусуна колун салган жок, эмнеге мынча ызааланды дейсиң да. Окурманга түшүнүктү болуш үчүн доо арызга себеп болгон нерсени карап чыгалы.

Биринчиден, “фотоколлаж” дегенди гезиттин биринчи бетине бастырды (мындайды бир гана  биринчи бетке басышат). Сүрөттө Келдибеков тактада  жатат, жанында М.Абылгазиев (азыркы премьер-министр) анын далысын шыпыргы менен чаап жатат. Мончодон алынган сүрөт, экөө тең жылаңач, ал кезде жаткан неме салык инспекциясынын жетекчиси, чапкан неме кол алдында иштеген кызматкери. Нормальный көрүнүш, керсейген шефти ушунтип тейлешет.  Абылгазиев чычалабады, баракелде, көркөм чыгармага түшүнөт экен (фотоколлаж бул мончодон берилген репортаж эмес, бул тамаша). Ал эми беркиниси эмнеге чычалады, “жок, далымды премьер-министрге чаптырып койду, кокуй”, —  деп жүрөгү оозуна тыгылдыбы. Далысын мочалка менен ушинтип жышып берсе, кылмыш болуп калабы. Абылгазиев премьер болбосо, мындай коллаж да болмок эмес, бул жанрдын өзөгү контраст берүүдө — мына, мурунку “спикерди” азыркы “премьер” кандай сонун тейлеп жатат. Ушуга сыймыктанбай, коркуп кетти окшойт, болбосо эмнеге туталанды. Дагы бир нерсе себеп болду. Аслан гезитине жарыялаган кичинекей эле бир нерсени тиркеди — “генерал Конгантиев  той берип жаткан жерде Келдибеков “милициянын эмки министри Д.Абдыкаров болот деди” деген  эле маалымат. Ушуга  “жок мен андайды айткан эмесмин”  деп чычалады. Ооба, муну редактор өзүнүн адатына салып, “кошумчалап” койсо керек, бирок бул деле кылмыш эмес. Анан Абдыкаровдун   “каарынан”  көлөкө түшүргүдөй ал ким экен, болсо болуп калар, кадр саясытына ким таңгалат эле, шопур менен катчылар деле  Ак үйдүн алтынчы кабатына чыгышты ко. Глупо. Ушундай “глупосторду” доо арызга кантип киргизди, ушундайды сот кантип кабыл алды, “жок, аке, мунуңуз болмайды” дегенге жарабадыбы.

Ооба, журналисттер “иногда” айлаңды кетирет. Буга чейин да мен ушундай  “арачалоого” катышкам. Шайлообек Дуйшеев (эл акыны) Нургазы Анаркуловго (“Майдандын” редактору)  таарынып, “сени, шүмшүк, эми сотко берем” деп талпынган. Нургазынын “тентектиги” бир күлкүлү сөздү  “Учурга”  (Аслан ошол гезиттин  редактору болчу) чыгарып койгонунда эле —  “Шайлообек Дуйшеев тескери сийип салды” деген сүйлөм. Муну Нургазы жазган эмес (стилин билебиз), Аслан анын  макаласына акырын “кошуп койгон” экен. Ушундай “привычкасы” бар экенин милициянын генералы Мелис Турганбаев да жакшы билет. Менин макалама да мышыктай болуп “кошумча” кылып салган — эркек мүнөздү генералга арналган сөзгө  “катын кыялдуу”  деп кошуп жиберген. Генералдын пресс-секретары Бакыт Сеитов  телефон чалып, “сиз муну жазган жоксуз да, мындай нерсе сизден кантип чыкмак эле” деп таңгалды.  “Ооба, атаңдын кана оозун урайын” деп Асландын гезитине тактоо киргизип жарыяладым — ким кимге эмне дегенин бөлүштүрүп, редактордун “кылгын” четке кактым. Иш сотко берилген жок. Асландын  ушундай бир “ит жоругу” бар, туруп туруп эле жөн жерден  “үркүп” жиберет. “Көнгөн адат калбайт” дечи, бирок мунун колун кесип салмак белек, катуу катуу чаап койсок жетиштүү болот. Башка жагынан “компенсация” кылып жатпайбы, кыргыз тилендеги алдыңкы гезиттерди улам-улам чыгарып келатат го. Бул элди кызыктырган гезиттердин бири.

Шайлообек жанагы сөздүн автору Нургазы экен деп, аны сотко берем деди. Ортого түштүм, Нургазыга  кайрылдым — “ал ардактүү акын тескери сийсе, эмнеге жанына туруп алып, колунду тососуң, анан кокусунан сага чачырап кетсе, эмнеге колунду жууп “байке, больше так не делай” дегенге жарабадың” деп жаздым. Нургазы мыкты жигит эмеспи,  ошондо эркекче мамиле кылды — “жок, бул сөз меники эмес” деп актанбады, мага да сырын билгизбеди, арчага түшүп бериңиз деп мага Аслан кайрылды. Ошондо  таңгалып “макаланы Нургазы жазса, сен эмнеге кыйналып жатасың” деп сурагам. Кыңк-мыңк деп чындыкты айтпай койгон. Жанагы сөздү ким жазганын мына азыр билип атам, Нургазы эр экен, эң туура кылды, накта журналист  “булактын”  чыккан жерин эч кимге айтпайт, анан макаланын астында өзүнүн аты жазылып турса, анака-мынака дегини “мылжыңдын” аракети болуп калмак да. “Менин колума ал анткен эмес” демек беле, ошол жөнүндө репортаж жазылып калса. Молодец.  Сотко доо арыз түшкөн жок (калемгер калемгерге штраф салса бизди кудай урат эле). Шайлообек мага телефон чалып, “катырыпсың” деп бир эле сөз айтты.  Мыкты акын мыкты адам экенин, айкөл  экенин аныктады.

Келдибек менен Асландын окуясынын формасы башкача, экөөнүн кесиби башка, биринин колуна бири “чачыратпайт”,  бирок мазмун бирдей эле — сөзгө ыза болуп, сөздү кууган бул чычолоонун чыйыры. Сөздү бир гана сөз менен кууш керек, сот менен эмес. Сөз сотко багынбайт. Ахматбек сөз менен жооп берсе болот эле, калем кармаганды билет, мээси толук, кудурети “Кудайга шүгүр”. Эмнеге мынча “чөктү”. Алмазбек Атамбаевдин “үлгүсүнө”  умтулса, ал жакшы үлгү эмес, мындайды славяндар “дурной пример” деп аташат.

Аслан сени чучугуна чейин чыркыратса, сен деле анын “чучугун” чукубайт белең, колунан келбесе калемгер укаларындын жардамы менен жооп жазып, Сартбаевди сагызгандай кылып сыздатсаң болот эле да. Неге антпедиң, неге алкымдуу ажоолордун жолуна түштүн, бул мажыроо иш экенин сезген жоксуң. “Ошол 2 миллион сомду жетим балдардын үйүнө которуп берем” деп элге жарыялаганын жарым тыйынга татыбайт, андай эле боорукер болсоң, өзүндүн  акчаңан бербейсиңби. Журналисттен өндүргөн акча жетим балдарга аш болбойт,  ошол акча сенин колуңа тиери да “под вопрос”. Асландын кабат-кабат үйлөрү жок, гаражда тизилип турган машинелери жок, элге кайрылып “мага жардам бергиле, мен ушул “ахмактан” кутулайын” деп журтка кайрылбайт. Антпейт, “мен түрмөдөн да сынбайм” деген жообу даяр.  Өпкөсү чоң, көкүрөгүнө батпайт, анан  мактанчак неме дечи, бирок  сынбайт, журналисттик кесип бул жигитке дем берет, ушул тармактын жоокери, өлгөнчө күрөшөт. Дакан короз.

Калемгерди сөзсүз түрдө сага “жертва” кылыш керекпи. “Жестокость” дегениңди токтотуп, кыргыздын айкөлдүк ыкмасына ыктап, “ачуунду бизге бер” деп сага кайрылган аксакалдарды четке какпа да. Айта турган ачуу сөздөрүн болсо мага айт, бугунду чыгар, интервью кылып каалаган гезитиңе каалаган тилде бастырып берейин. Күчөтүп, курчутуп, Асланды башынан аягына чейин шыбап,  моокумуңду кандырайын. Бирок сен доо арызынды кайтарып ал. “Извините, обстоятельства изменились” деп сотко айт, ал деле туура түшүнөт, себеби бул жерде мамлекетке зыян жок, коррупция эмес.

Бул жерде сага президент Сооронбай Жээнбековдун мисалы үлгү болсун, ал Асланга окшогон тапан калемгерге (Кабай Карабековго)  берген доо арызын жокко чыгарган. Учурунда Омурбек Текебаев да Аслан менен соттошуп, аягында  акылын жыйып, жакшы келишимге келген. Пример должен быть всегда замечательным, а не “заразительным”. Ушуну эсине салайын дедим, Ахматбек иним.

Жообунду күтүп, сенин көк бет эместигиңе ишенип, калемгер аган

Кубан Мамбеталиев

Булак: «Азия Ньюс» 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу