Журналисттен корккон мэр жана депутаттар

Кара-Көл шаардык кеңешинин 13-сентябрь күнкү жыйыны НТС каналынын
журналистине байланыштуу маселеден улам токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык”
радиосуна шаардык кеңештин төрагасы Бакыт Кыргызалиев билдириптир.

– Мен төрага катары добушка койдум. Жалпыга маалымдоо каражаттарын чектебешибиз керектигин
айттым. Бул ачык сессия экенин, мамлекеттик сыр болсо гана жабык өтөрүн түшүндүрдүм.
Депутаттардын арасында “жок, болбойт” дегендер болду. Мэрдин “НТСтин журналисти чыгарылсын”
деген маселесин койдум. Ал сунуш өткөн жок. 30 мүнөттүк танапис жарыяладым. Танапистен соң
сессия кийинкиге жылдырылды,- деген төрага сессия журналистке байланыштуу талаштан улам
жылганын белгиледи.

Мурдараак НТСтин кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева “Азаттык” радиосуна кайрылып, анын жыйынга
катышып, видеого тартуусуна шаар мэри Иляс Эркеев каршы болгонун айткан. Муну журналист “сөз
эркиндигине кысым” деп билдирген.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу