Жунушалиев: Уюшкан кылмыштуу топтордун 181 мүчөсү кармалды

Кыргызстанда учурда үч уюшкан кылмыштуу топ бар. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 24-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кылмыштуу топтордун 181 мүчөсү кармалган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев маалымат жыйында билдиргендей, алар — Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушев жетектеген топтор.

— Батукаев Орусия Федерациясында жазасын өтөп жатат. Бокушев криминалдык чөйрөдөн кеткен. Кадимкидей эле жашап атат. Анын тобунун мүчөлөрүн тынымсыз көзөмөлдөп турабыз. Ал эми Көлбаевдин өзү жана анын тобунун мүчөлөрү да биздин көзөмөлүбүздө. Бул топтун көптөгөн мүчөлөрү кармалып, жазага тартылууда.

Буга чейин Башкы прокуратура да Кыргызстанда үч ири кылмыштуу топтор бар экенин, Көлбаевдин, Бокушевдин жана Батукаевдин тобунун болжолдуу мүчөлөрүнүн саны 550 адамдан аша турганын маалымдаган.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу