Жунушалиевге КАЙРЫЛУУ: Октябрь РИИБнин начальниги Улан Султановдун шектүү иштерине жогорку жетекчилик үн катабы?

КР ички иштер министри, милициянын генерал-майору К.Жунушалиевге КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Кашкар Астаканович, сизге кайрылууга Октябрь РИИБнин КККнын начальниги, милициянын майору Нурдин Акматовдун МАЫӨнүн өздүк курамына болгон мамилеси түрткү болду. Нурдин Акматов Октябрь РИИБнин КККнын начальниги болуп 2016-жылы дайындалган жана азыркы убакка чейин кызмат өтөп келет. Ушул жылдар аралыгында өзүнүн жетекчилик милдетинде уюштуруу иштерине такыр жөндөмсүздүгү, өздүк курамга карата сөгүнүү, коркутуу, кысым жасоо жолу менен эч бир этикага сыйбаган мамилеси менен таанымал болгонун кайда жашырабыз?

Анткени мурун жетекчилик кызматка бир да жолу иштебестен, жөнөкөй МАЫӨнөн дароо эле Октябрь РИИБ КККнын жетекчилигине дайындалышы көптү ойлондурбай койбойт. Бул дайындоону Бишкек ШИИББ кадрлар бөлүмүнүн кетирген кемчилиги катары эсептейбиз. Мурун жок дегенде бир нече МАЫӨнүн башын бириктирген ага тескөөчү, ШМБ КККнын начальниги кызматтарында кызмат өтөбөстөн, кызматта уюштуруучулук жөндөмгө ээ болбостон, тажрыйбасы жок дайындалышы Октябрь РИИБнин жетекчиси, милициянын полковниги Улан Султановдун жердешчилик саясатынын негизи катары ойлойбуз. Н.Акматов ушул эки жыл аралыгында ИИОнун этикалык нормаларына жатпаган сөгүнчөөктүгү, улуу-кичүүнү сыйлабаган оройлугу, Октябрь РИИБнин МАЫӨнүн өздүк курамынын ичиндеги абал Н.Акматовго карата саясый жарылууга алып келататго?..

2019-жылдын 16-январында КР ИИМдин КККнын бөлүм начальниги, милициянын полковниги Н.Исмаиловдун Октябрь РИИБнин өздүк курамдын башаламандыкка каршы күжүрмөн даярдыгын текшерип жатканда, өздүк курамдын көзүнчө полковник Н.Исмаиловго карата абдан орой сөздөрдү айтып, ИИОнун уставдык жоболоруна туура келбеген тескери команданы бергени кандай?

Мындан сырткары, 2019-жылдын 21-январында Октябрь РИИБнин МАЫӨнүн катышуусундагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөдө Н.Акматов мурунку алган «ээлеген кызматына толук эмес ылайыктуу» тартиптик жазасы менен эле чектелип, өздүк курамга эч камырабай «Улан Султанов турганда мени эч ким иштен кетире албайт. Ойлобогула мени кызматтан кетти деп, эми бирдеме десеңер сазайыңарды гана берем!» деп өздүк курамга мактанып жүргөнү ыраспы? Өздук курамдын ичинде Н.Акматовдун РИЙБнин нускамасында МАЫӨнө карата оозго алгыс ыплас сөздөр менен сөгүнгөн видеосу айтылууда. «Бул видео социалдык тармактарга тарап кетсе, кийинки убактарда араң турган ИИОнун кадыр-баркына кедергисин тийгизет» деп өздүк курамдан видеону соцтармактарга таратпоону сурандык.

МАЫӨнүн өздүк курамынын таалим-тарбиясына, тартибине, аларды окуп үйрөтүү, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу ж.б.у.с. милдеттер Октябрь РИИБ-нин КККнын начальнигинин түздөн-түз милдети болуп саналат. Жогорудагы адам өлүмү менен коштолгон окуя өлкөбүздүн коомчулугунда абдан чоң резонанс жаратып, ИИОнун кадыр-баркына абдан чоң залалын тийгизип, автоунаа айдаган милиция кызматкерин көргөн жарандар «абайла, рулда милиционер» деген лакап пайда болгону сизге деле катуу тийип жатса керек, жолдош министр.

МАЫӨнүн өздүк курамын 2019-жылдын 20-январы, демалыш күнгө туура келгенине карабай, эч себепсиз, эч кандай буйруксуз, эмгек кодексинин, Конституциянын беренелерин одоно бузуп, түнкү саат 23:00гө чейин иштетип, натыйжада, кырсыктын келип чыгышына жол берилип атат го? Эгер бул фактыны тыкыр иликтеп чыкканда, дем алыш күнү да өздүк курамды кызматка тарткандыгы, анын кесепетинен адам өлүмү менен коштолгон кырсыктын чыгышына себепкер болгондугу үчүн Октябрь РИИБнин жетекчилигинин аракетин жана аракетсиздигин электрондук бирдиктүү кылмыштар реестрине каттатып, КР кылмыш-жаза кодексинин мыйзамсыз оозеки буйрук менен дем алыш күнү өздүк курамды иштеткендиги үчүн кылмыш иши козголмок. Бирок андай болгон жок, урматтуу министр. «Бармак басты, көз кысты» бойдон кала берди. «Ушундан кийин Октябрь РИИБ-нин начальниги У.Султановдун жана КККнын начальниги Н.Акматовдун ушул кызматты аркалоого моралдык саясый укугу барбы?» деген суроо жаралат.

Сизден сураныч, жакынкы аралыктарда Октбярь РИИБнин МАЫӨун өздук курамын Бишкек ШИИББга же болбосо ИИМге чогултуп, КККнын начальниги Н.Акматовго карата жашыруун анкеталык сурамжылоо жүргүзүп, натыйжасын өздүк курамга билдирүүңүздү суранабыз!

Биздин сизге жазган кайрылуубуз жашыруун. Эгер биз кол коюп, аты-жөнүбүздү жазсак, Октябрь РИИБнын начальниги У.Султановдун жетекчинин мүнөзүнө төп келбеген өзгөчө кекчилдиги, бирөөнүн артынан түшүп алса такыр унутпай, кызматтан кетирүү үчүн болгон аракетин жумшашы балким сизге белгисиз. Ошондой эле У.Султановдун тогуз жылдан бери Октябрь РИИБде жетекчилик кызматта жүрүшү КР президенти С.Ш.Жээнбековдун коопсуздук кеңешинде мамлекеттик кызматкерлер беш жылдан кем эмес отурган болсо, ротация кылуу жөнүндө сүйлөгөн сөзүнө дал келет.

Мындан сырткары, эки жылдын ичинде Октябрь РИИБнин имараттарын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Албетте, У.Султановдун ал иштери жакшы, бирок «кайсы акчага?» деген суроо туулат. Бул кайдан келген акчалар? Өздүк курам бул жөнүнде такыр кабарсыз. Эгер демөөрчүлөр берген каражат болсо, эмне себептен алардын аттары айтылбайт? Берилген каражат РИИБнин каржы-чарба бөлүмүнө кириштелип, “мобул курулуштарга мынча сумма бөлүнөт, ж.б.” деп У.Султанов эч кимге тушүндүргөн жок. Бул анын коррупция жөнүңдө мыйзамдарды билбестигинен кабар бербейби? Балким, бул оңдоп-түзөөгө кеткен каражат коррупция булагы болуп жүрбөсүн?.. Мисалы, ууруларды «крышовать» этүүдөнбү?.. Мына ушундай күмөңдүү ойлор өздүк курам ичинде ар кандай шек туудуруп жаткан жокпу?

Ошондуктан жогорудагы айтылган фактылар боюнча Октябрь РИИБнин өздүк курамы сизден жакынкы аралыкта ачык жооп күтөт. Эгер эч бир жыйынтык чыкпаса, биз КР президентинин коопсуздук кеңешине кайрылууга мажбур болобуз.

Сизди урматтоо менен Октябрь РИИБнын өздүк курамы

Булак: “АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу