Жунусов Анкарадан келип, Ташкентке кетеби?

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун жакынкы аралыкта элчилик мөөнөтү аяктайт. Жунусов ал жактан келген соң элчилик ишин коңшу Өзбекстанда уланта турган болуп жатканы белгилүү болууда. Өзбекстан менен мамиле жакшы жолго салынып жаткандан кийин өзбек туугандардын тилин таап сүйлөшө алган элчи керек да. Жунусов өзбектер менен тил табышып, аларга кандай мамиле кылуу керек экенин жакшы билген адам. Бийлик да ушул талаптар менен Жунусовду Ташкентке жөнөтүүнү туура деп эсептесе керек.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу