Жумушка болгон кечигүү сиздин күнөөңүз эмес…

Эртең менен эрте туруш сиз үчүн кыйынга туруп жатат. Бул көрүнүшкө сиз күнөөлүү эмессиңиз, ага сиздин ишиңиздин башталган убактысы себепкер. Андыктан таң эрте чалган ойготкучуңузду улам артка жылдырып койдум деп сарсанаа болбой деле коюңуз.

АКШнын Вашингтон университетинин кызматкери Кристофер Дэниэл Барнстын жарыяланган макаласында ал “уйкуну стратегиялык булак” катары сыпаттаган.

Ошондой эле Барнс: Иштөө убактысы менен сергек уйку айкалышканда, жумушка болгон мыкты маанай, стресстин аздыгы жана жумушунда мыкты жыйынтык көрсөтөөрүн белгилеп өттү.

Аз уйку көп катага себеп болобу?

Адистердин айтымында аз убакыт уктагандар көп ката жасап, жол кырсыгына кабылышы мүмкүн экендигин эскертет. Барнстын араштырмасында, өзгөчө кечкисин кеч жатып эртең менен турганда төмөн этикалык жүрүм-турумга себеп болгондугун жана тетирисинче эртең менен эрте тургандар кечкисин ушундай жүрүм-турумга туш болгондугун белгилеп өттү.

Буга кошумча хронобиология профессору Тиль Роеннеберг: Өзүнүн көп убактысын фирмада өткөрүп иштегендердин денеси эртең менен саат 8-9да тургандардын бир күндүк уйку режиминин ритми бузулгандыгын сыпаттап өттү.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу