Жумуртка менен арыктоо…

Ливерпуль окумуштуулары жумуртканын ашыкча салмак кошууга таасир бербей тургандыгын далилдешти.

Керек болсо күнүнө эки жумурткадан жеген да кандагы холестериндин өлчөмүн көбөйтпөйт экен. Анын ордуна жумуртка ашыкча салмактан арылгысы келгендер жегенге тийиш азыктардын бири экен.
Ливерпулда өткөн тажрыйбага 450 адам катышкан.

Алардын жарымы 3 ай бою калориясы төмөн тамактар менен тамактанса, экинчи жарымы да күн сайын ошол тамактарлы жеп, болгону ал менен бирге эки жумуртка да кошушкан.

Үч айлык тажрыйбанын натыйжасында эки топтун көрсөткүчтөрүндө эч кандай айырмачылык чыккан эмес. Бардыгы 3,5-4,5 киллограмдан салмак жоготушкан.
Ошону менен бирге, тажрыйбага катышкандардын көпчүлүгүндө холестериндин деңгээли төмөндөгөн. Бул изилдөөлөр жумуртканы күндө тамак-ашта колдонуу организмге эч кандай зыян алып келбестигин көрсөтөт.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу