“Жумурткадан кыр издегендерге таңмын”. Тазабек Икрамов сыйлыгы боюнча комментарий берди

“Билим берүүнүн отличниги” наамын алган депутат Тазабек Икрамов билим берүү тармагында эки жылдык гана тажрыйбасы бар экенин моюндайт. Бирок ал төш белгини билим берүү жаатында реформаларга алып келген мыйзам долбоорлору үчүн  алдым деп эсепейт.

 “Туура, мен дене тарбия институтунда эки жыл гана иштегем. Андан сырткары жаш спортчуларды колдоп, эл аралык турнирлерге чыгарып келдик. Акыркы үч жылда парламентте көптөгөн мыйзамдарды талкуулап, колдоп, билим берүү тармагына чоң салымдарды кошуп келдик”, – дейт эл өкүлү.

Депутат бул наамга чынында муктаж деле эмес экенин белгилеп, депутаттардын ишин бааласа, алар билим берүү эле тармагында эмес, андан да чоң сыйлыктарга татыктуу экенин кошумчалады.

“Көп жылдар бою – 50 жылдап иштесе да, коомго эч кандай пайда алып келбегендер деле көп”, – дейт депутат.

“Сиздин билим берүү тармагында эмгегиңиз бар экенин эске алган учурда да мыйзам чыгаруучу катары сыйлык сизге мыйзамды бузуу менен берилгенин моюндайсызбы?” деген сурообузга Икрамов “жумурткадан кыр издегендерге таң калам”, – деген жообун берди.

Депутат Тазабек Икрамов “Билим берүүнүн отличниги” наамын өткөн жылдын аягында алган. Ал төш белгиси менен күбөлүгүн соцтармакка жарыялаган.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу