Жумгалда каза болгон баланын өлүмү боюнча иш козголду

Жумгал районунда каза болгон 8-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1, 2-бөлүмү (“Саламаттыкка адамдардын тобу тарабынан бейбаштык максаттарда атайын оор залал келтирилип, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген кылмыштын белгилери”) менен иш козголду.

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай 9-декабрь күнү Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын “Ынтымак” спорт ордосунда аталган айыл менен Беш-Терек айылынын 8-классынын окуучулары волейбол ойноп жатып мушташа кетишкен.

Жыйынтыгында Жумгал районунун Беш-Терек айылында жайгашкан орто мектептин 8-классынын окуучусу, 2004-жылы туулган Б. уулу Т. каза тапкан. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу