Жумаканов жугуштуу оорудайбы?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору болуп эмгектенген Калысбек Жумаканов кеп жебеген эргул экен, эй! Былк этпейт. ЖМКлар анын ыргылжып, чаласабат саясатын сайрап эле келишет. Эт менен челдин ортосундагы жетекчиден кутулмайын биздин ветеринардык тармагыбыздын өнүкпөй тургандыгын биздин бийлик башындагыларыбыз түшүнө турган эмес. Ойлонушпайбы! Мал арасында жетиштүү эмдөө жүрбөгөндүгү, алдын ала эмдөө болбогондугу эртең Кыргызстанга шарп, күл, оспа, кутурма, ящур сыяктуу көп сандагы ооруларды алып келбейт деп Жумаканов кепилдик бере албайт да. Анткени бул эргул ушу тапта малды эмдөө менен эмес, жер-жерлерге өз тууган-тааныштарына ветеринардык дарыканаларды ачтырып, менчиктеп, бизнес жасоо менен алектенип жатканы айтылууда. Жумаканов акча жасоонун эң оңой жолун тапты. Өзү малды эмдөө жаатын тескегени менен аны жүргүзбөйт. Мал ооруйт. Анан мал ээлери Жумакановдун дарыканаларынан дарыны сатып алып, малын дарылайт. Акча болсо Калысбектин капчыгына түшөт. Убалдан коркпойт бекен? Мындай адамдар жугуштуу оорудан да коркунучтуу.

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу