Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: «Оштун мэри менен жүрөт деген ушакты жанымдагылар эле чыгарышты»

Сылык-сыпаа, уяң, дайыма жылмайып жүргөн ырчы Жумагүл Раимжан кызы бул сапар гезитибиздин башкы бетин кооздоду. Элдин көзүнө ашыкча түшө бербей, чыгармачылык жолун тынч улантып, өз арабасын өзү тартып жүргөндөй көрүнгөн ырчынын тегерегинде акыркы учурда ар кандай сөздөр айтылды. Ош шаарынын мэри менен жакын мамиледе дешти. Мындай ушактар кайдан, эмнеден улам чыкканын ырчы өзү айтып берсин. 

– Кандайсың, Жумагүл? Жай келди, күн ысыды дегендей, эс алууну пландадыңбы?

– Ооба, Ошто күн аябай ысып жатат. Жайында Ысык-Көлдө эс алуу мен үчүн салт болуп калган. Жыл сайын жазында жайлоого да чыгып келем. Августта апам, бир туугандарым менен Көлгө барып келсекпи деп жатабыз. Негизи чет өлкөлөрдү кыдырып эс алуу, эл-жер көрүү башкы максаттарымдын бири. Ар жылы бир өлкөнү көрүүнү ниет кылдым. Акыркы кезде Түштүк Кореяга, Европага кызыгып жүрөм. Буга чейин Түркия менен Таиландда эс алып келгем.

– Ата-энеңдин чарбасы, талаасы бар да. Аларга кол кабыш кылып кээде талаага чыгып каласыңбы?

– Үй-бүлө мүчөлөрүнө карап үлүш жер берилет эмеспи, талаада биздин 30 сотых жерибиз бар. Мурун ага жүгөрү айдачубуз. Жүгөрүнү көп эле ушаладым. Улуу эжем үй иштерине жок, бирок талаа иштерин жакшы жасачу. Мен тескерисинче, сырткы жумуштарга караганда үй иштерин жакшы жасайм. Ошондуктан талаа иштерине азыраак чыгып калдым. Акыркы 4 жылдан бери жерди ижарага берип койгонбуз.

Мен карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Өзүңөр билгендей, акча табуу үчүн карапайым үй-бүлө мүчөлөрү чет жерге жумуш издеп көп кетишет эмеспи. Менин да эжелерим, сиңдилерим Орусияда, Казакстанда иштеп жүрүшөт. Мал бакканга, талаа иштерин караганга кол керек. Бир туугандар өз иштери менен алек болуп кеткенде малды да сатып ийгенбиз. Үйдөгү иним башка жумуш менен алек, талаага иштегенге убактысы жок. Эшиктин алдында чарбакты апам менен иним өзү карайт. Кара жумуштанбы, үй тиричилигиненби, негизи эле жумуштан качпайм.

– Сени Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев менен жакын мамиледе деген ушактар интернеттеги соцтармактарга байма-бай таратылып, сен аны жокко чыгардың. Кесибиңден улам көп эле саясатчы, мамлекеттик кызматтагылар менен тааныш болсоң керек. Ыңгайсыз болдубу?

– Айтмамат Кадырбаевди мен Оштун мэри катары тааныйм. Ош шаарында болгон иш-чараларда башка ырчылар сыяктуу эле барам, ырдайм. Ал киши менен жакындан мамиле курган эмесмин. Анын мага эч кандай жардамы да тийген жок. Мен Кудайдын алдында акмын. Бул мени көрө албаган, ичи тар адамдын ойлоп тапканы деп эле кабыл алдым. Мындай сөздөрдү кээде жакын адамдарым да укканын айтып келет. «Баланча жерде сени минтип айтышты, мен мындай жооп бердим» деп калышат. Мен өзүм ушак чыгаргандан алыс адаммын. Ушакты иши жок, бош жүргөн, ийгиликсиз кишилер чыгарат.

Турмушка чыга элек кыз болуп туруп чоң кызматтагылар менен мамиле куруу оюма да келбейт. Андай кишилер, балким, менин ырларымды жакшы көрүп угушар. Бирок эч ким менен жакын мамиледе болгон эмесмин. Менден башка деле канчалаган ырчылар колунда бар адамдардан колдоо алып жүргөнүн билем. Ошончодон келип мага ушундай сөздү жармаштыргандарына жиним келет. Курулай жалаа жаман экен. Ушул маалымат тараганда көптөгөн адамдар мага «мөмөлүү даракка тийишет, сен алдыга өсүп жатасың» дешти. Эгер менин колумдан эч нерсе келбесе, ырчы катары атым чыкпаса чын эле мага адамдар алтындай убактысын бөлүп, мени кеп кылышпаса керек.

Башында ал кепке көңүл деле бурган эмесмин. 1-2 адамдын сөзү да деп койгом. Атамдын көзү өтүп кеткен, апам бир туугандарым бул сөздөрдү угуп аябай ызаланышты. Менин да жүрөгүм ооруду. Апам азыркыга чейин ушакты ким чыгарды экен деп ойлоно берет. Мен үчүн абийир, намыс, аруулук эң биринчи орунда. Ал адамга теңелип, интернет баракчама ар кайсыны жазып актангым келген жок. «Пенденин жазасы жеңил, Кудайдын жазасы оор» дешет, ошол нерсени кармандым. Кийин жолдошумдун алдында жүзүм жарык болсо жетиштүү. Жакындарым «бул нерсени сырттан бирөө жасабайт. Жаныңда жүргөн тааныштарың кылды» дешти. Мен да алардын оюна кошулам.

– Апрелде берген жеке концертиңе жигитиң демөөрчүлүк кылыптыр. Жакында той окшойт деп калдык…

– Азыр ырдап чыгуу, ырчы болуу оңой болуп калды. Сулуулук салонуна кирип боёнуп чыгып фотосессия кыласың, үн жаздыруучу студияга барып ыр жаздыра каласың. Мен кечээ эле чыга калган ырчы эмесмин. Чоң сахнага чыга албай канча жүрдүм. Жеке концерт берүү убакытты, күчтү, ошол эле учурда көп акчаны талап кылат экен. Концерт бергенден көрө ыр жаздыруу, клип тартуу, той-топурда ырдоо өтө жеңил экенин жон терим менен сездим. Апрелде берген концерттеримдин алдында арыктап да кеттим. Менин демөөрчүлөрүм апам, бир туугандарым болду. 2017-жылы күзүндө той-ашка көп барып, чынында бир топ акча чогулткан элем. Мени сыйлаган күйөрмандарыма да жакшы майрам тартуулагым келип, топтогон акчамды концертимден аяган жокмун. Учурда жигитим бар. Айрымдар «жашы улуу адам менен жүрөт экен» деп да чыгарышыптыр. Андай эмес, экөөбүз теңбиз. Ал мырза өзүмдү, чыгармачылыгымды сыйлайт. Кудай кайсы күндү буюрса, ошол күнү турмуш курабыз.

– Той-аш азайган учурда башка нерсе менен да алектенесиңби?

– Азыр той-топурлар акырындан көбөйө баштады. Мындай жакшылыктар деле адамдын энергиясын алып коёт, андыктан башка иш менен алек болбойм. Бири-бирин чакырып, тармак түзүүнү талап кылган жумуштар көп го, тааныштарым «кел, жазыл, иште» деп чакырышат, бирок менин андайга кызыгуум жок. Турмушка чыгып, бала-чакалуу болгондо бизнес кылсамбы деп ойлоп калам. Мен үчүн чыгармачылыктан мурун үй-бүлө күтүү 1-орунда турат. Чыгармачылыгымдан мурун үй-бүлөмдү түптөп алсам деп жүргөн учурум.

– Спортту бардык адам жакшы көрсө керек, сага кайсы түрү жагат?

– Спорттун жеңил атлетика түрү жагат. Мен бала кезден спортко жакынмын. Мектепте жүргөндө дене тарбия сабагынан калчу эмесмин. Турникке тартынганды, чуркаганды, узундукка секиргенди жакшы көрчүмүн. Курбум экөөбүз стадиондо чуркап жүрдүк. Бат чуркаганым менен, тез чарчап калам, ошогобу чуркаганга караганда секирген жакчу.

– Өзүңө кандай сыпаттама бересиң? Жумагүл Раимжан кызы кандай адам? Жакындарың кантип сыпатташат?

– Тартынчаак, токтоо адаммын. Шарактап да күлбөйм. Кээ бирлер «күлсөң, сүйлөсөң» деп калышат, табиятымдан андай болбогондон кийин кубула да албайт экем. Көңүл ачуучу жерлерге көп барбайм, шаан-шөкөттү жактырбайм. Бир нерсени жасайм деп максат кылсам, ошол максатыма жетем. Апам «ырчылар тартынбайт го, сен эмнеге уяласың?» дей берет. Эл алдына ырдап чыккандан уялбайм, бирок жашоодо тартынчаакмын. Кээде оюмду да айта албай калам. Айрыкча мырзалардан өтө уялам. Ошон үчүн турмушка чыкпай жүргөндүрмүн.

– Учурда ырчылар көп. Алардын клиптери, ырлары деле бир кылка сыяктуу. Өзгөчө образ менен өзгөчө ыр, клип жаратууну ойлоносуңбу?

– «Мен ырчымын» дегендер чынында көп. Алардын саны чындап келсе ай сайын көбөйүүдө. Ошончолук ыр да, клип да арбын. Өзгөчөлөнүү, элдин көңүлүн бурган ыр, клип жаратуу чоң эмгекти, убакытты талап кылат. Жайдын күнү ал тууралуу ойлонбой эле көлөкөлөп үйдө жатам. Кээ бир ырчылардан угуп калчумун, «эч нерсе кылгым келбей жатат» дегендерин. Азыр мен ошондой абалда жүрөм. Өзгөчө ыр, өзгөчө клип тартуу оюмда бар. Бирок жалкоолугум кармап жатат окшойт.

– Атаандашуу болмоюн ийгилик жаралбайт дешет. Бул жаатта «аба ырайы» кандай?

– Менин атаандашым жок, эч кимге атаандашпайм. Айланамдагы ырчылардын баары мен үчүн бирдей. Бирин артык, бирин жаман көрбөйм.

– Маегиңе рахмат. Чыгармачылык эргүү каалайм!

«Апам менин чыгармачылыгымдагы демөөрчүм, колдоочум». БУЛАК:СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу