Жубайыңызга таарынсаңыз…

Бир киши менен аялдын үйлөнүп, ынтымактуу өмүр сүрүп жаткандарына отуз жыл толот. Экөө бир адамдай болуп кеткендиктен ортолорунда эч кандай сыр болбойт. Бирок аялдын ушул убакытка чейин күйөөсүнө айтпай келе жаткан бир сыры бар болот.

Бир күнү ал идишке салынган, токулган эки куурчак менен көп суммадагы акчаны көрсөтөт. Күйөөсү: «Бул эмне?» дейт таң калып. Аял: «Экөөбүз үйлөнгөндө апам мага: «Кызым, эми сен турмуш курдуң. Үй-бүлөнүн берекеси менен тынчтыгы көбүнчө сага байланыштуу. Ошондуктан күйөөңө таарынган учурларда, ага эч качан каршы чыкпай, унчукпастан бар да бир куурчак току», – деген эле»- дейт. Күйөөсү идишке карап: «Бирок…бул жерде эки гана куурчак турат го… ал эми акчалар кайдан келди?» – деп сурайт. Ошондо аялы: «ушул убакытка чейин токуган курчактарымды сатып, жыйнаган акчам эле…» – деп жооп берет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу