Жубайлардын ортосундагы сүйүүнү кантип сактап калууга болот?

Көптөгөн жубайлар үйлөнгөндөн кийин көп убакыт өтпөй ортолорунда сезим калбаганын, бири-бирине жарым, жолдошум дебей, ошол үйдүн бир адамы сыяктуу кабыл алышаарын айтып калышат. Андай салкын мамиле кайдан пайда болот? Ортодогу жылуулукту сактоо экөөнө тең байланыштуу. Ошентсек да үй-бүлөдөгү ыңгайлуу атмосфера, түшүнүшүү менен гармония, тагыраагы жайлуулук түздөн-түз аялзатына байланыштуу. Ошондуктан ушул темада кыз-келиндерге бир нече кеңеш сунуштамакчыбыз:

1. Көпчүлүк аялдардын катачылыгы «ал мени мурункудай жакшы көрбөйт» деп ойлоп, «убайымга» батышат. Чындыгында андай эмес. Болгону жагдай өзгөрдү. Сиздер мурунку кыз менен жигит эмессиздер, сезимдериңиз менен акылдарыңыз бири-бирине байланган жубайларсыздар, ата-энесиздер.

2. Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин «болду эми кайда кетет эле» деп мурункудай өзүнө караганды, сулууланып, күйөөсү үчүн жасанганды унутуп коюшат. Жоолугу кыйшайып, көйнөгү бырышып, чачы уйпаланган аялдын эшик ачканын жумуштан чарчап келген кайсы күйөө каалайт дейсиз?

3. Сен мага мынтип карап койдуң, сен мага бул көйнөктү алып бербей койдуң, ушул убакытка чейин кайда жүрдүң деген суроолорду кайра-кайра берип, таарынганды койгон оң.

4. Күйөөңүзгө каршы сөз айтып, аброй таппайсыз. Кандай жагдай болбосун унчукпаңыз. Керек болсо ал күнөөлү болсо да. Кыйт этсе жооп бергенге даяр турган аялдардан күйөөлөрүнүн көңүлү калып, сезимдериңизге бүлүк түшүүсү мүмкүн.

5. Жалпылап айтканда, эркектер өзүнүн жанында үйдү таза кармаган, тамагын убакытында жана даамдуу кылып даярдап, конок келсе чайын коюп, жүгүргөн ак көңүл, өзүнө да, күйөөсү менен бала-чакасынын жагдайын жасоого убакыт таба билген, жубайынын каш-кабагына карап сүйлөгөн, жөнөкөй аялды көргүсү келет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу