Жубайлардын мээсине 10 мүнөттүк саякат

Аял-күйөөсү жумуштан келе жаткан кезде экөө эки башка ойлонуп келет. Эркектер чарчап келе жаткандыктан, мээси жай иштегендиктен 10 мүнөттө бир нече нерсени гана ойлоно алышат. Аялзаты да чарчап келишет. Бирок, анын мээси активдүү жумуш иштей баштайт. Ишенбесеңиздер, аял менен эркектин мээсине 10 мүнөттүк саякат кылып көрөлү.

Күйөөсү:Аялым даамдуу тамак даярдап койсо экен. Курсагым ачты… Дүкөндөн эмне алам? Жакшылап уйкуну кандыруу керек. Катуу чарчадым…

Аял: Бала ыйлап калбады бекен? Кечээки шишиги тарады бекен? Бала бакчадан ким алды экен? Бүгүн бала бакчадан тамак жедиби? Үшүп калбады бекен? Күйөөм жумуштан келип калса керек..

Курсагы ачса керек, эмне жасап берсем экен? Же тамактанып алдыбы? Бирок кайдан жемек эле? Эртең менен кирди жайбай кетиптирмин, жыттанып калса керек.. Муздаткычтагы этти чыгарып кой дегенди унутупмун. Ал эми качан ээрийт? Эртең бүгүнкүдөн да эрте туруп, чыгыш керек! Фазилет эмне кылаар экен? (Сериал каарманы).

Кире бериш чачылып жаткан чыгар…Таштандыны ыргытканды унутупмун. Телефонумдун кубаты өчкөн жатат. Эртең бийик бут кийим кийбейм, бутум бүгүн аябай ооруду. Бул кофтамды бүгүн жууп салайын. Жок, эртең шейшемби да. Шашпай жууйун. Үйдө нан бар болду бекен?

Телефонум да өчүп калды.. . Үйдү бүгүн бир тазалап алайын. Тамактарын берип бүткөндөн кийин, сууга түшүп алайын. Бүгүн – чачыма балдан маска жасаган күнүм. Тамак калса, жумушка салып алайын. Антпесе күн сайын түшкү тамакка кем дегенде 100-200 сом кетет. Бул маршруттун ичинен жагымсыз жыт чыга баштады… Ушул аялдамадан түшүп калып, тигил дүкөнгө кирип чыгайын. Бул кыздын сумкасы кооз экен. Унаалардын тыгынынан да чарчадым… .

Жогорудагы ойлорго сиз дагы кошуласызбы? Же болбосо алымча-кошумчаларыңыз барбы?

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу