Теолог Кадыр Маликов жана психолог Тамара Воронцова бактылуу үй-бүлө болуу үчүн эркек менен аял кандай милдеттерди аткаруу керектигин bilesinbi.kg’ге айтып беришти.
Эркектин милдети
- Эркектин негизги милдети — акча табуу жана үй-бүлөсүн камсыздоо.
- Жубайыңызга эч качан кол көтөрбөңүз, кыйкырбаңыз, жаман сөздөр менен урушпаңыз.
- Эркек биринчи орунга үй-бүлөсүн коет. Таң атканча досторуңуз менен сайрандап жүрө бербеңиз.
- Белгилүү жазуучу Эрнест Хемингуэй: “Чыныгы эркек-таттуу нан бышырганды, баланы орогонду жана мылтык атканды, тактап айтканда баарын билиши керек”, — деп жазган. Андыктан, уялып, арданып, эркек жасай турган иш эмес деп милдеттерди бөлбөңүз.
- Аялыңыз кош бойлуу болсо, ооруп же чарчап турса ага жардам бериңиз!
Аялыңызды мактап, ыраазычылык айтып, жарашыктуу кийинтип, белектерди берип, аяп, коргоп туруңуз. Булардын баары он эселеп кайтып келет!
- Бактылуу жана сүйүктүү аял үйдөгү күн сыяктуу, андан жылуулук жана бакыт чачырап турат. Жубайыңызга жылмаюу тартуулаңыз.
- Үй-бүлө үчүн аял эмес эркек жооп берет экенин унутпаңыз.
- Аял бөлөк үй-бүлөгө мүчө болуп келет. Бул оор процесс. “Башкасын ал” дегендердин сөзүнө кирбей, аны колдоңуз.
- Аялыңыз ата-энесине конокко, курбулары менен жолугушууга, театр, тренинг же машыгуу залына баргысы келсе макул болуңуз. Эгерде тыюу салып койсоңуз, анын табияттан берилген күчтүү энергиясы нааразычылыкка айланып сизди да, үй-бүлөнү да азапка салат.
- Ар тараптуу жана билимдүү аял балдарына жакшы тарбия берип, жумуштан кийин келсеңиз эс алуу тартуулап, дем алыш күндөрүн кызыктуу кылып уюштураарын билиңиз.
Аялдын милдети
- Аял-үй чарбачылыгын жүргүзүп, балдарды тарбиялап, өзүн-өзү өнүктүрүп жана жакшы көргөн иши менен алек болууга тийиш.
- Аялдын негизги сапаты-тамак жасап, кир жууй алганда эмес (муну баары бир үйрөнөт), туугандардын ар бири менен тил табышып, керектүү жерде жооп берип, өз убагында унчукпай калганында.
- Күйөөңүз жумуштан кайтып келгенде ар дайым жакшы маанайда тосуп алыңыз.
- Өзүңүздү карап, жыпар жыттуу болуп, жакшынакай кийинип жүрүңүз.
- Өмүрлүк жарыңыздын туугандарын сыйлаңыз.
- Себепсиз чыр-чатак чыгарып, мээсин жебей, колдоо көрсөтүңүз.
- Күйөөңүздү мактап, ыраазычылык билдирип туруңуз.
- Алдыга оозуп чыга бербей, алсыз болуңуз.
- БУЛАК:bilesinbi.kg