Жоон ичегинин рак оорусу байкалбай күчөй берет!

Жоон ичегинин рак оорусу учурдун эң көп катталган оорулардын катарын түзөт. Тагыраак айтканда, бул оору дүйнө жүзүндө катталган оор төрт оорулардын катарын толуктайт. Бул оору акыркы жылдары он пайызга көбөйгөндүгү айтылат.

Ага себеп катары туура эмес тамактануу, ашыкча стресс жана ичеги-карын оорулары.

Бул оору бара-бара тымызын күчөй берет

Жоон ичеги рак оорусунун бирден-бир өзгөчөлүгү анын тымызын бара-бара күчөй берүүсүндө. Бул оору күчөп отуруп: ич шишийт, ич ооруйт, кан келет, бат чарчоо, арыктоо белгилери байкалат.

Аталган дартка кабылгандар туура тамактанып, зыяндуу адаттарды арылууга канчалык аракет кылбасын, адистер анын толугу менен айыгып кетүүсүнө кепилдик бере албайт.

Тамеки чегүү, алкоголь колдонуу, семирүү, генетикалык оорулар, полип, диабет, ичеги-карын оорулары жоон ичеги рагын пайда кылчу себептер.

Жоон ичеги рагынан арылуу жолдору

Майлуу тамак-аштардан баш тартыңыз, мурда даярдалган сосиска, колбаса жана эттерди жегенден качыңыз. Анын ордуна күнүгө мөмө-жемиштерди жана жашылча-жемиштерди колдонууга өтүңүз.

-Тамеки чегүүдөн баш тартыңыз

-Ашыкча салмактан арылыңыз

-Ар күнү жок дегенде 30 мүнөт жөө жүрүңүз

-Кальций жана витамин Днын жетиштүүлүгүн көзөмөлгө алыңыз!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу