— Экс-президент Алмазбек Атамбаев 16-апрелде мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарын кабыл алып, чоң жыйын куруп жатыптыр. Бул канчалык мыйзамдуу?
— Экс-президенттин статусу, анын укуктары боюнча атайын мыйзам бар. Мындай нормалар Конституциянын 67-беренесине да киргизилген. Ал эми Атамбаевдин азыркы аракеттери мыйзамга туура келбейт. Экс-президент кандайдыр бир жыйын өткөрө турган болсо өзү жашап жаткан резиденцияны бекер пайдалана албайт. Ал киши депутаттар менен жолуккусу келсе башка жайды тандап алса болмок.
— Атамбаевдин мындай өз билемдигине кандай чара көрсө болот?
— Экс-президент мыйзамды бузган учурда катардагы жарандардай эле кылмыш жоопкерчилигене тартылышы керек. Бирок, буга айрым нормалар тоскоол болушу мүмкүн. Ошентсе да, эл шайлаган депутаттардын көпчүлүк добушу менен Атамбаевдин экс-президент деген статусун алып койсо болот.
Булак: NazarNews.kg