Жоодарбешим, ырчы: «Кызым үчүн кышка эрте эле камданып койдум…»

— Кызыңыздын аты өзгөчө экен..

— Кызым төрөлгөндөн кийин көп убакыт ысым издеп, аты жок жүрүп калды. Алсу деген ат мага башынан жакчу. Интернеттен ысым издеп жатып таптым. Бул мусулман ысымын көбүнчө татар улутундагылар коюшат экен. Кыргыз тилине которгондо бийиктик, тазалык, аруулук дегенди билдирет. Мурдараак ысым карабаганымдын себеби, келинчегимдин кош бойлуу кезиндеги белгилердин бардыгы эркек балага тиешелүү болчу. УЗИ аппаратынан кыз деп айтса да ишенбей, эркек бала деп ойлоп жаткам.

— Дагы бир адамдын жашоосуна жоопкерчилик алып, ата статусуна ээ болуу кандай экен?

— Кызым кесарево жолу менен жарыкка келгендиктен, эки саат менин төшүмдө жатты. Бул убакыттын ичинде кызым менен сырдашып сүйлөшүп, улуту,  дини,  тили,   жаратканы, китеби тууралуу айтып бердим. Кызымдын биринчи уккан сөздөрү ушулар болду. Мурда эле жоопкерчиликти биринчи орунга койчу элем, балалуу болгондон кийин бул жоопкерчилик эселеп өсөт экен. Кызыма керектүү нерселерди жүгүрүп издеп калдым. Кыш келатат, кызым үшүп калбасын деп үй жылуулоо, отун-суу алуу сыяктуу кыштын камылгасын эбак эле көрүп койгом. Кызым үчүн үйгө эртерээк барып, колума алууга шашам. Дүкөндөн кийим-кече көрсөм дароо алам. Келечекте ким болот, кайда окуйт деп азыртан ойлоно баштадым.

— Кээ бир аталар кызганчаак болушат, сиз кандай ата болуп жатасыз?

— Ооба, мурда маани берчү эмесмин, өзүңдүкү башкача болот турбайбы (күлүп). Кызымды кичинекей карындаштарыма көтөрүүгө такыр бербейм. Элдин көзүнөн болушунча алыс кармайм. Коруп эле калат экенсиң.

— Балага байланыштуу кандай ырым -жырымдарды кылып жатасыз?

— Үйгө конок келерде чекесине көө сүйкөп, эмдетип, дегеле кыргызга тиешелүү көп эле ырым-жырымдарды колдонуп турам.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу