Жол чарба департаментинин жетекчиси эки айга камалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, Жол чарба департаментинин жетекчиси Арстанбек Ибраев эки айга камалды.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 8-мартта Биринчи Май райондук соту чыгарганын. Ага  ылайык, мурдагы жетекчи тергөө аяктаганча УКМКнын абагында кармалат.

УКМКдан билдиришкендей, Ибраев өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Нарын дарыясына салынган көпүрө» объектисин оңдоо-калыбына келтирүү боюнча 45,8 млн сомдук ишти аткарууну өзүнө таандык аффилиацияланган “Кербенкурулуш” ачык акционердик коомуна мыйзамсыз тапшырган.

Аткаруу келишими түзүлгөндөн кийин А.Ибраевдин көрсөтмөсү менен 2017-жылы банктык кепилдиги жок 35,3 млн сом «Кербенжолкурулуш» ишканасына мыйзамсыз которулган. Анын жыйынтыгында акча сарпталып кеткен, бирок көпүрө бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга бериле элек.

Айта кетсек, Ибраевге Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу», «Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу» беренелери боюнча айып тагылган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

БУЛАК: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу