Жол кырсыгы болгон жерден дарыгерлер жабырлануучуларды таппай калышкан

Кечээ,6-августта Ысык-Көл облусундагы Каракол-Бөкөнбаев жолунда жол кырсыгы
катталган. “Фольксваген Пассат”, “БМВ Х5” жана “Хонда Фит” үлгүсүндөгү үч унаа
кагылышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын
маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгы болгон жерге келген тез жардам
кызматынын дарыгерлери унаалардын жүргүнчүлөрүн
таппай коюшкан.
Милиция кызматкерлеринин айтымында, жол
кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Кырсыкка
кабылган унаанын айдоочулары оз алдынча
сүйлөшүшүп, арыз жазбайбыз деп чечишкен.
Баардыгы өз алдынча үйлөрүнө кетип калгандыктан
дарыгерлер аларды таппай калышкан.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу