Жол кырсыгынан каза болгон подполковниктин өлүмү боюнча бир адам камалды

Жол кырсыгынан каза болгон подполковник Күнболот Касмалиевдин өлүмү боюнча шектүү катары бир адам камалып, үч киши сурак берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук милициясынын башчысы Улан Алиев билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы тууралуу версия каралууда. Ага ылайык «Howo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа милиция кызматкерин сүзүп кеткен.

2019-жылдын 10-январында болжол менен саат түнкү бир чамасында Кант шаарынан жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу Нарын облустук милициясынын кызматкери Күнболот Касмалиевди сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Милициянын маалыматы боюнча маркум подполковник Касмалиевдин жеке автоунаасы Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Дордой» базарынын жанынан табылган. Ал эми кырсык катталган жер ал жактан 15 чакырымдай алыс. Ушундан улам Касмалиевдин жакындары ал киши колдуу болушу мүмкүн деген шек санап жатышкан болчу.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу