Жолдошум өзүнөн 16 жаш улуу аял менен жашап алыптыр…Кеңеш бериңиздерчи


Менин көйгөйүм жан дүйнөмдү талкалап бүттү. Өзүмдөн эч кандай жыйынтык чыкпачуудай сезилип жатат. Акыры сиздерден кеңеш алууну туура көрдүм. Анда сөз башынан болсун. Менин жашым 20да атым Айсулуу турмушка чыккам. Жолдошум 28 жашта аты Азамат. Москва шаарында күйөөмдүн өзүнүн чакан бизнеси бар, ошого боло экөөбүздүн тоюбузду биргеликте өткөрүп ал Москвага кете берди. Мен болсо көп убакыттан киийн артынан бардым. Барсам мурунку мүнөздөгү жолдошум жок, өзгөрүп калыптыр. Көрсө өзүнөн 16 жашка улуу аялга нике окутуп жашап жүрүшүптүр. Угуп алып өзүмдү эч кимге керексиздей сезип, бир топко өзүмө келе албай туруп калдым. Арга жок кимден кеңеш сурасам деп башым катып, же жолдошума сүйлөй албай, же ага үн көтөрө албай, тишиме тилимди каттым. Ошентип Москвада көпкө калбай 3 ай дегенде сумкамды көтөрүп Кыргызстанга баса бердим. Азыр кайнатама, кайненеме  келип кызмат кылып жатам. 5 айдан өтүп калды кош бойлуу да экенмин. Бул кабар бирде кубантса, бирде кайгыга батырат. Төрөсөм баламдын атасы келеби?,же кандай болот деп да өзүмдү жеп салдым. Күйөм, сүйөм деген Азаматтан жылуу сөз эмес, бир ирет чалып кабар алганга жараган жок. Анын үйлөнүп алганын атам, апам билишпейт. Аларга айтпай үн катканым жакшыго деп ойлодум. Себеби, өзүнө келип кайра кайтып келер деген үмүт менен жашап жатам. Бирок Азаматтын ата-энеси билет. Алар : «ойлонбо кызым, сөзсүз келет азыр жаштык кылып жатат,  сен азыр курсактагы балаңды ойло»-деп мени соротуп жатышат. Айлам кетти менде деги кандай жол бар? Чынында Азаматты жакшы көрөм, кантсе да курсактагы баламдын атасы да.  Мага кайтып келеби?,же кандай болот? Төркүнүмө айтсамбы? Эмне кылсам кеңеш бериңиздерчи!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу