Жолдошум экинчи аял алгандан бери жашоом бүтүндөй өзгөрдү…

Жолдошум экөөбүз бири— бирибизди жакшы көрүп баш коштук.Ансыз жашоомду бир күн да элестете албайт болчум. Бир уул,бир кыздуу болдук.Тапкан — тутканы жакшы,мен үйдө балдар менен алекмин.Жолдошум эртеден кечке, иште… Бир күнү мага,бир келин туурасында айтып калды,бир уулу бар экен,мен ага үйлөнөйүн,— деп чечтим. Күлкүм келип, —тамашаңды койчу,кайдагыны айтасың ,— деп. Бирок,жолдошум сөзүнө туруп үйлөндү. Мен сени ушунчалык сыйлап— урмат кылсам,мага кылган мамилең ушулбу?! Мен эч кимге керегим жоктой,жашагым келбей,жолдошумду жек көрө баштадым,жумуштан келсе үйдө күндө уруш — талаш,чарчадым. Балдарым менен ата— энемдин үйүнө барсам батпайт.Чыкан кыз— чийден тышкары дегендей. Эч нерсени өзгөртө алганым жок.Акыркы күндөрү жолдошум үйгө келбей калчу болду. Элдердин айткан ушак сөздөрүнө, өлүп алгым келди.Ойлоп көрсөм,сабырдуулугум менен жеңишке жетиштим. Көп ойлонуп,жашоомду өзгөртүүнү чечтим.Мурда убактымдын азыраагы намаз окуу,Куран жатоого кетсе,азыр чын дилимден динге берилип,кызмат кыла баштадым. Жолдошум үйгө келсе, жылуу сүйлөп тосуп алып,жактырган тамагын бышырып берем. Кетип жатса эсен— аман барып келишин тилейм. Кетсе,дагы убактымды илим үйрөнүүгө жумшайм. Экинчи аялы менен да эже— сиңдидей бат эле тил табышып кеттик. Жок,мындай жашоо мага керек эмес,— деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок,мен азыр өтө бактылуумун,жолдошум эч нерседен кем кылбай караса,балдарына кам— кор ата болсо,эмнеге мен бул адамдан баш кечишим керек?!!!… (Бул баянды бир эжекебиздин суранычы менен айтканын жазып, сиздерге жеткирүүнү эп көрдүм).

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу