Жолдошум сабайт, бирок аны сүйөм…

Жолдошум менен 5 ай мурун сот аркылуу ажырашкам. Себеби, ал мени сабап, жаман сөздөрдүн баарын айткан. Ортодо 11 айлык балабыз бар. Эми аны эстеп сагынып, элдешким келип жатат. Эмне кылсам болот? Аябай кыйналып кеттим.

Назира Абдумуминова

Юрист

Урматтуу окурман, сиз туура кылгансыз. Аялга бир жолу колун көтөргөн эркек дайыма кол көтөрөт. Атасы апасын урган үй-бүлөдө чоңойгон эркек бала келечекте зомбулукка жакын болуп өссө, кыз зомбулуктун курмандыгына айланышы мүмкүн. Анткени, зомбулукта чоңойгон балдар, ата-эненин мындай жүрүм-турумун нормалдуу нерсе катары кабыл алышат. Ошол үчүн балдарды тарбиялоодо ата-эненин жүрүм-туруму, жашоо образы чоң роль ойнойт. Чечимиңиздин аягына чейин туруңуз, убакыт дарылайт. Келечекте өзүңүздүн жана балаңыздын бактылуу болушуна кам көрүңүз. Эгер элдешүүнү кааласаңыз, күйөөңүз менен мындай зомбулуктун кайталанбашы жөнүндө сүйлөшүп, убадасын алыңыз.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу