Өкмөт жакында ачкан атайын эсеп ишке кирип , ага каалоочулар өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша акча которо баштады. Кытайдан карызга алынып, далай сол чөнтөккө солонуп, чак түштө тонолуп кеткен каражаттарды кайтаруу маселесин ЖКнын депутаттары Акылбек Жапаров менен Камчыбек Жолдошбаев : “Байыбыз байдай, кедейибиз кедейдей акча чогултуп кутулалы”-деп айтышкан. Жолдошбаев бул эсепке 1 миллион сом которо турганын жар салды. Чынында Кара-Кеченин канын көп жылдар бою соргон бул депутатка 1 миллион сом кеп эмес. Жашаган үйүн го, барыбыз көрүп, баш чайкап, жерге түкүрдүк. Андыктан Жолдошбаев мамлекеттин анык патриоту болсо, атайын эсепке жок дегенде 5-10 миллион сом которбойбу?! Эми Жапаров баштаган “жегичтер” канча которорун байкап туралы.
БУЛАК:БАГЫТ