ЖОЖдо окуй турган киши жок. Быйыл бюджеттик орундар да толбой калды

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагынын абалы чеке жылытпайт. Муну моюнга алыш
керек. Орто мектептен баштап, жогорку окуу жайларга чейин коррупциянын сазына
малынып, бардыгы акча менен бүтүп калды. Айыл жергесинде мектептерде
окуучулардын саны аз. Ички миграция күч алып, баары шаар тарапка ооп кетишкен.
Шаардагы мектептерде бир класста кырктан ашык окуучу окуса, айылдарда 10-15тин
тегерегинде. Элестетсеңиз, сабак өзү 40-45 мүнөт болсо, класста кырктан ашык окуучу.
Мугалим байкуш баарын сурап кайдан жетишмек. Ушундай шартта окуган окуучу кайсы
билимге суугарылат. Кантип билим алат? Быйылкы жылдагы жогорку окуу жайларга
кабыл алуу комиссиясы өз ишин жыйынтыктап жатат. Кыргызстандагы мен-мен деген
алдыңкы окуу жайлары абитуриент кабыл алууда жадагалса бюджеттик орундарды
толтура албай калды. Мисалы, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетте
педагогика багытында бюджеттик орундар толгон жок. Убагында улуттук университетте
бюджетине да, контрагына да окуганга орун жок болуп, башка окуу жайга тапшырууга
аргасыз болсоң, азыр окуй турган киши жок. Окуу жайдын жетекчилигинин кол чатырдай
алмашылышы, кесипкөй ректордун жоктугу улуттук деген статусу бар окуу жайды артка
тартууда. Албетте, абитуриенттерди кабыл алуу планын ийгиликтүү аткаргандар да жок
эмес. Алар Ички иштер министрлигинин академиясы, Скрябин атындагы кыргыз улуттук
агрардык университети, Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз-түрк университети
жана Ош мамлекеттик университети. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, акыркы жылдары
тоо-кен иштери боюнча багытыбыздын жанданып, тоо-кен адистери ишке тартылып
жатканына карабай, бул багыттагы институттун дагы планы толбой калды.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу