Жогорку сот Кулматовдун адвокатынын өтүнүчүн четке какты

Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри, камактагы Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен анын адвокаты жазган арызды кароо боюнча ишти токтотту.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы кабарлагандай, арыз 4-февралда каралды.

Адвокат Сергей Слесарев Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узарткан сот отурумунда жактоочу тараптын жүйөлөрү эске алынбаганын айтып жүрөт. Анын сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчү да канааттандырылган эмес. Жактоочу Кулматовду өлкөдөн эч жакка чыкпоо милдети менен үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Кулматовдун иши сотко өткөнүнө байланыштуу адвокаттын өтүнүчү четке кагылды.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов эки кылмыш иши боюнча айыпталган. Биринчиси баш калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка, экинчиси — паспорт жана жарандык маселесине байланыштуу болчу. Экинчи иши боюнча арыз кайра чакыртып алынганы кабарланган.

Былтыр 5-июндан бери Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Кубанычбек Кулматов КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу