Жогорку сот Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карайт

Жогорку сот бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу актоочу тараптын өтүнүчүн карайт.

Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен буга чейин адвокат Сергей Слесаров Жогорку сотко кайрылган.

Октябрдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши ачылган.

УКМК аны «1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн» деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу