Жогорку сот Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу адвокат Серей Слесарев “Азаттыкка” билдирди. Шаардык сот 17-сентябрда өткөн отурумда экс-мэрдин камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү жактоочу суранган.

Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, ал «Дастан” ишканасын жетектеп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шек саналып жатат.

Албек Ибраимов быйыл 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу