Жогорку Кеңеш тарап, күздө шайлоо болобу?

Күздү ортолоп парлмент тарап, жаңы шайлоо боло турганы айтыып жатат. Буга дейре Атамбаев жоопкерчиликке тартылбаса парламент тарай турганын эл өкүлдөрү өздөрү дагы айтышкан. Мына ошол сценарий ишке кирмей болду. Бийлик өз катасын парламентке оодарып Жогорку Кеңешти таратып, саясий күчтөрдүн көңүлүн  шайлоого барууга кызыкдар. Анын үстүнө бул жылы кезексиз шайлоо өткөрүп, бийлик өзүнө ыңгайлуу партияларды парламентке алып келүүгө ынтызар болуп турат. Бул жыл өтсө, кийинки жылга чейин бийликтин кадыры дагы төмөндөп, өз мүндөөсүн ишке ашыруу кыйындай турганын түшүнүп, шайлоону быйыл күздө өткөрүүгө белсенүүдөю президенттин иниси депутат Асылбек Жээнбеков учурда «Улуу жур», «Ата Журт», «Кыргызстан» партияларынын тизмесин өзү түзө баштаганы кеп болууда…

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу