Жогорку Кеңеш: Так сүйлөй албаган айрым депутаттарга “логопед” керекпи?

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында таза суу, жол, жол коопсуздугу, электр жарыгы сындуу көйгөйлөр Өкмөткө жолдонду.

Депутат Алмазбек Токторов Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айыл өкмөтүндө иче турган суунун жоктугуна Өкмөттүн көңүлүн бурду.

“Көмүр баасы Баткенде тогуз миң сомдон ашты. Өзүбүздүн элге көмүр жетпей жатса, вагон-вагондоп коңшу мамлекетке көмүр ташылууда”,- дейт депутат Рада Туманбаева.

Депутат Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургундарынын кайрылуусун менен тааныштырды. Таш-Көмүрдө жол, таза суу, канализация башкы көйгөйгө айланган. Мындан сырткары, депутат социалдык түйүндөрдөгү 20 миң сом жоктугунан атасын 5 күн дегенде араң жерге берген адам тууралуу маалыматты ортого салып, мындай олуттуу көйгөйдүн чечилишин Өкмөттөн талап кылды.

Жол коопсуздугу жүз жолу айтылып жатса дагы натыйжа болбой жатат. Жол эрежелерин прокурорлор, депутаттар, судьялар, министрлер бузса жоопко тартылбайт. Ал эми МАИ кызматкерлери бузса, тескерисинче, ошол кырсыкка кабылган экинчи тарап күнөөлүү болуп чыгарууда. Мындай пикири менен бөлүшкөн депутат Дастан Бекешев: “МАИ кызматы жол кырсыктарына 83% айдоочулар күнөөлүү деп жатат, бирок чындыгында 83% МАИ кызматкерлери жол коопсуздугуна күнөөлүү. Анткени, аларды эч ким сыйлабайт. Эч ким коркпойт. Айыппулдарды алардын чөнтөгүнө салып кете берет”,- дейт.

Депутат Улукбек Ормонов Ош облусунун айылдарында трансформаторлор иштебей, суук мезгилде үйлөрдө электр жарыгы жок болуп жатканын кабарлады. Ал бул маселеге “Ошэлектро” ишканасын күнөөлөп, бул маселени эки ай мурун, октябрда көтөрүп чыккандыгын эске салды.

Депутат Закир Шарапов Баткен облусунун Айдаркен шаарын жаңы өнүгүп келе жаткан шаарлардын тизмесине кошуу менен шаардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү боюнча аталган шаардык кеңештин, шаар мэринин өтүнүчүн Өкмөткө жолдоду.

Өлкөнүн түштүк аймагындагы темир жол көйгөйүн депутат Абдимуктар Маматов көтөрдү. Эл өкүлү: “Түштүккө темир жол каттамы жолго коюлса, Бишкек-Ош авто жолу бузулбай сакталып калышына шарт түзүлүп, бул авто жолдогу жол кырсыктары азаят эле, ошондой эле Баткенге чейин жүк ташуу жеңилдейт эле”,- дейт. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Баса, ЖКдин көпчүлүк эл өкүлдөрү жана айрым аткаминерлерге “логопед” керекпи жөнөкөй сөздөрдү айта алышпай тили чайналат… Бош убактында бир аз текстерди көркөм окуп койсо жакшы болот беле?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу