Жогорку Кеңештин мас депутаты самолеттогу элди 1 саатка күттүрдү

Бишкек-Ош каттамындагы “Тез Жет” авиакомпаниясынын  DJ -117 рейси 14-сентябрда, саат 19:45 убактысында Бишкектен учуш керек болчу. Аталган каттам 1 саат кечигип учту. Ал убакта борттогу жаш балдар ыйлап, кош бойлуу келиндер өзүн жаман сезип, кары-картаӊдар оор үшкүрүнүп жатышты. Кармалып аткан себебин дагы түшүндүрүшкөн жок.

«Арадан 1 саат өткөндөн кийин Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын депутаты Иcкендер Матраимов мас абалында ооп-жыгылып, жардамчыларынын коштосунда келди. Отурган жеринде коӊурук салып уктап койду. Эл өкүлү элди ушунтип 1 саат күттүрүп, кечирим дагы сураган жок. Элдер нааразы болуп кыйкырып жатышты» — деп билдирди бул окуяны жеринен көргөндөр.

Белгилей кетсек ЖКнын жыйынында Искендер Матраимов ортого чыгып сөз сүйлөп жатып, Бабановго колуңан эмне келет дегенсип, акаарат көрсөткөн. Натыйжада өзүнүн абройу төгүлүп, бир топ былык иштери чубап чыкты. Бул боюнча ошол замат жооп кайтарган аталган фракциянын депутаты Мирлан Жээнчороев анын абийирин айрандай төгүп салды. Дагы бир «Республика — Ата-Журтчу» Алтынай Өмүрбекова булардын каржы булактарын текшерип чыгалы, атайын комиссия түзөлү  деген сунуш киргизди.

«Республика-Ата Журт» фракциясы булардын былыктарын таап чыгууга чындап бел байлаганына кыжыры келип, ызага чыдабай ичип алса керек.

Булак: ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу