ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КЫЗМАТКЕРИ 2 МИЛЛИОН СОМДУ КЫМЫРЫП АЛГАН.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жогорку Кеңештин кызматкери мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомду ыйгарып алган деп Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалды.

“Жогорку Кеңештин бюджетинен 2 миллион сомдон ашуун акча каражатын ыйгарып алган деп Жогорку Кеңештин аппаратынан арыз түшкөн. Анын негизинде иликтөө жүргүзүлүп, натыйжада Башкы прокуратура тарабынан 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров шектүү катары кармалды. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына жеткирилди, тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп  жазылат маалыматта.

Белгнилей кетсек, Арсен Закиров буга чейин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу