Жогорку Кеңештин КСДП, «Кыргызстан» жана «Бир бол» фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бир добуштан жактырды. Эми бул маселе саат 14:00дө парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.
Өкмөттүн сунушталган курамы:
– премьер-министр – Сапар Исаков, 40 жашта
– биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов, 41 жашта
– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Дүйшөнбек Зилалиев, 44 жашта
– коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Жумакадыров, 38 жашта
– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова, 48 жашта
– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева, 50 жашта
– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова, 50 жашта
– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Нурханбек Момуналиев, 46 жашта
– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев, 51 жашта
– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков, 66 жашта
– транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов, 60 жашта
– ички иштер министри – Улан Исраилов, 43 жашта
– юстиция министри – Уран Ахметов, 38 жашта
– каржы министри – Адылбек Касымалиев, 56 жашта
– экономика министри – Артем Новиков, 30 жашта
– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов, 52 жашта
– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев, 57 жашта
– айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев, 42 жашта
– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Абдил Сегизбаев, 44 жашта
– Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов, 44 жашта
– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов, 36 жашта
– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Мирбек Касымкулов, 49 жашта
Булак: super.kg