Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Тариэл Жоробеков ант берди.
«Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды так аткарууга ант берем», — деди Жоробеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жоробековдун ишине ийгиликтерди каалады.
Ал «Республика-Ата Журт» фракциясынан Болотбек Раимжановдунордуна депутат болуп келди. Раимжанов 13-июнда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Жоробеков буга чейин Талас районунун Долоно айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенип келген.
БУЛАК:super.kg