Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Кадыкеев(Макеев) Стамбулда жүрөгү кармап, көз жумду.

Кечээ, 12-июнда Стамбулда КР Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурлан Кадыкеев(Макеев) жүрөгү кармап(инфаркт), көз жумганы белгилүү болду. Бул тууралу анын парламент боюнча коллегалары Алмаз Батырбеков, Гүлшат Асылбаевалар журналисттерге билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча кечээ Нурлан Кадыкеев жүрөк тарабы ооруп жатканын айтып, Стамбулдагы ооруканалардын бирине кайрылган, бирок врачтардын жардамына карабай жүрөгү токтоп калган. Азыр туугандары сөөгүн алып келүү үчүн Стамбулга учуп кетишкени да кошумчаланган.

Нурлан Кадыкеев 1970-жылы Кочкор районунда туулган. Өмүр жолунда слесарь, ишкер, каржы полициячы, бажычы болуп иштеп келген. 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланган. Бир ай мурун фамилиясын Макеевден Кадыкеев кылып өзгөрткөн.

БУЛАК:KYRGYZTODAY.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу