ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ВИЦЕ-СПИКЕРИ ТӨЛӨНОВ ДЕПУТАТТАРДЫН АТЫН ТАППАЙ КАРА ТЕРГЕ ТҮШТҮ

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин  жыйынында   Жогорку Кеңештин вице-спикери Данияр Төлөнов депутаттардын атын таппай кара терге түштү.  Бул абалдан кесиптештеринин жардамы менен чыгууга аргасыз болду.

Жыйында маселе каралып жаткан учурда  депутаттарга сөз берилип жатканда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты  Гүлшат Асылбаева кол көтөрдү. Анда Төлөнов кесиптешинин атын таппай көпкө туруп, алдында турган кагаздарды карай баштады.

Депутаттар  сөз сураган депутаттын атын Гүлшат Асылбаева   экенин айтышты.

Ыңгайсыз абалга калган Төлөнов кесиптешинен кечирим сурап, сөз берди.

Жогорку Кеңештин  төрагасынын жардамчысы  болгон Төлөнов өз кесиптештерин тааныбай жаткандан кийин карапайым элди айтпай эле койсок болчудай.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу