Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Арсен Закиров 6 жылга эркинен ажыратылды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздугу боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алты жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу прокурор Мирлан Сооронкулов билдирди.

Анын айтымында, аталган чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды. Буга чейин Биринчи май райондук соту Арсен Закировду шартуу түрдө алты жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган. Бирок прокуратура тарабынан киргизилген көрсөтмөдөн кийин чечим өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Арсен Закиров ага карата жүргүзүлгөн текшерүү жана КР кылмыш-жаза кодексинин «ишенип берилген мүлктү жат түрдө ээлеп алуу» жана «жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлактарды жана мөөрлөрдү   даярдоо жана колдонуу» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинен кийин кармалган. Ал Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллар каражатты уурдап алгандыгы үчүн айыпталган.

Булак:KyrgyzToday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу