Жогорку Кеңеште орус тилинде баяндама жасаган сот департаментинин төрагасы депутаттан тил укту

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында сот аткаруучуларынын ишине тийиштүү маселе каралып жатат. Анда расмий тилде баяндама жасаган сот департаментинин төрагасы Рустам Ибраимовго депутат Осмонбек Артыкбаев нааразы болду.

«Өкмөткө материалдарды даярдоо маселесин койсок. Анткени кыргыз тилин сыйлабаганыбыз — бул өзүбүздү, тарыхыбызды сыйлабагыныбыз. Кээде мыйзам долбоорлору расмий тилде келип калып жатат. Өкмөт буга чейин эле кыргыз тилине көңүл бурула турганын айткан. Ага ылайык, бардык мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүшү зарыл. Өкмөт ушул маселени карап чыгышы керек”, — деди Артыкбаев.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу